Ушул жылдын март айынын аягында Баетов айылында медиа маалыматтык сабаттуулук семинары болуп өткөн. Семинарга элүүдөн ашык айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, Баш мыйзам жана шайлоо тууралуу маалымат ала алышкан. Эки ай аралыгында семинардын катышуучуларында кандай өзгөрүү болду?
Баетов айылында болуп өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары
Алдыда, медиа маалыматтык сабаттуулук семинары катышуучулардын күнүмдүк турмушунда кандай өзгөрүүлөргө себеп болуп жатканы туурасында ойлорун уктук.
Венера Аалиева
Венера Аалиева: “Мен бул тренингге катышканга чейин шайлоолордо менин добушум эмнени чечет, баары мурда сүйлөшүлгөндөй болот деп ойлочумун. Ошондой эле шайлоо алдындагы социалдык тармактардагы бири-бирин каралаган пикирлерге ишенчүмүн. Чынында, бир добуш да чечүүчү болоорун жана менин добушум бир нерсени өзгөртүүгө салым болорун түшүндүм. Эң башкысы, добуш берүү — бул жарандык позиция экенин ойлонуп, ишенип добуш бериш керек экенин дагы жакшы түшүнө алдым. Ал эми тренингден алган маалыматымды окуучуларыма да пайдалуу болсун деп аларга да үйрөтө баштадым”.
Таалай Жалдыбаев
Таалай Жалдыбаев: “Конституциядагы өзгөртүүлөрдү окуганга убактым жок эле. Чынын айтсам эмне өзгөргөнүнө маани деле берген эмесмин. Тун-Ук жамааттык мультимедиа борбору уюштурган медиа сабаттуулук семинарында кайсы беренелерге кандай өзгөртүү киргенин, мен эмнеге добуш берерими билдим. Мындан сырткары шайлоолордо дайыма добуш берип жүрөм. Бирок өзүмдүн тандоом эмес, тааныш же кошуна талапкерлерге добуш берген учурларым болгон. Эстеп көрсөм добуш берген талапкерлердин программасы менен деле таанышпаптырмын. Окуудан кийин менин шайлоодогу жасаган кадамым, өз добушума кайдыгерлигим туура эмес экенин түшүндүм”.
Анара Мурзакулова
Анара Мурзакулова: “Мен фейк маалыматтар тууралуу билгенден кийин телефонго келген ар-түрдүү мазмундагы билдирүүлөрдү, видео жана сүрөттөрдү ачпай калдым. Мурда мага “тез көр”, “адидас конкурс жарыялады”, “башкаларга жиберсең баланча бирдик түшөт” — деген билдирүүлөр келсе мен дагы башкаларга жөнөтүп койчумун. Азыр өзүм ачпайм дагы башкаларга бөлүшпөйм дагы… Ал жөн гана жалган маалыматка убакыт коротуу экенин билдим. Жакындарыма да айтып жатам. Ал эми ушундай окутууларга жарандар дайыма катышып турса жакшы болот эле. Биз өзүбүздү өнүктүрүү үчүн убакыт коротуунун ордуна идиш жууп же уй жыйнап алганды пайдалуу деп ойлойбуз. Бирок мындай окуулар керек. Көп эле жарандар шайлоого барбай коюшат. Же тууганым эле куда-сөөгүм эле деп добуш беришет. Биз өзүбүздү өзүбүз өзгөртүп, өнүктүрүп анан айылдын өнүгүшүнө салым кошо алабыз”.
Курманбек Абакиров
Курманбек Абакиров: “Азыр социалдык медианын өнүккөн учуру. Маалыматты тез алып, ошол учурда эле тыянак чыгарып коебуз. Анын чын же жалганын изилдөө керек экенин билбейбиз деле. Эң өкүнүчтүүсү-ишенип алганыбыз. Медиа сабаттуулук боюнча окууга катышкан соң кандай маалымат болбосун сын көз-караш менен кароо керек экенин билдим. Мындан сырткары, биз эч качан өзүбүздү сырттан карап көргөн эмеспиз. Бул да кызыктуу болду”.
Белгилей кетсек, Нарын облусунун Баетов айылында медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Тун-Ук жамааттык мультимедиа борбору жүзөгө ашырган.
Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Бул окууга Тун-Ук жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Барчын Мамытбекова дагы катышкан. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы