Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү номер- 5529 шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын шайлоодон кийинки саясий абалга болгон көз караштары жана жеке жарандардын ой пикирлери.
Кулатов айыл аймагындагы Ак-Чал номер-5529 шайлоо тилкесинин төрайымы Козубаева Шайыргүлдүн берген маалыматына карата:
«4-октябрь күнү эрте менен саат 8 де мамлекеттик гимндин коштоосунда башталды. Шайлоочулар шайлоого активдүү жакшы маанайда катышып беришти. Шайлоочулардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарга жооп бере тургандай бардык шарттар каралган. Шайлоочулардын аралыкты сактоосу үчүн 1.5 метрден аралыкка сызыктар чийилип, ар бир шайлоочунун дене табы текшерилип, колдоруна бир колдонуучу кол кап жана бет кабы жоктор үчүн акысыз бет каптар берилди.
Шайлоо башталгандан шайлоо аяктаганга чейин техникалык ыңгайсыздыктар жаралган жок. Шайлоого чейин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү атайын окуулардан өтүп, билимин жогорулатып келишкен. Шайлоо учурунда эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Ички иштер кызматкерлери менен медициналык кызматкерлери шайлоо бүткөнгө чейин кызмат кылышты жана тартипти көзөмөлдөдү.
1338 шайлоочудан 850 шайлоочу катышты. Биздин участкага сырттан 4 адам арыз жазып катталган, алардын үйлөрүнө урналар жеткирилип, шайлоого катыша алышты. Биздин участкага 106 форма 2 арызы аркылуу базага кирбей калган айрым шайлоочулар ушул участкадан шайлоодон өтүштү»,- деп билдирди.
Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Раимжан Жунусов азыркы саясий кырдаал одоно мыйзам бузуудан келип чыкты деген ойдо:
«Учурдагы саясий абал элдик көтөрүлүш шайлоодогу саясий партиялар тарабынан келтирилген одоно мыйзам бузуулардын натыйжасында келип чыкты деп ойлоймун. Себеби, айрым шайлоо участкаларында форма 2 арызы аркылуу сырттан келген жарандар шайлоого катышышты. Азыркы жаңы келген бийлик тагыраак айтканда Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүн жогору баалайм жана Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүшүнө себепчи болот деп ишенем».
Кош-Дөбө айылынын тургуну Жайнагүл Маматисак кызы:
«Шайлоодон кийинки саясий абалга көз карашым төмөнкүчө. Шайлоо тилкелеринде пандемия учурунда жарандардын коопсуздугу үчүн бардык шарттар каралгандыгын байкоого болот. Бирок, айрым саясий партиялардын талапкерлери айрым мыйзам бузууларга жол берди. Себеби, акчага муктаж жарандар өз добушун сатууга мажбур болушту деп ойлойм. Элдик көтөрүлүш шайлоо акыйкат өтпөгөндүгүнүн айынан келип чыкты окшойт. Бирок, мындан алдыңкы мамлекет башчыларыбыздын кетирген каталарын азыркы келе турган бийлик кайталабасын деп үмүттөнөм»,-дейт
Кызыл-Булак айылынын тургуну Чолпон Рахманкулова азыркы саясий абалга жарандар да күнөөлүү дейт:
«Шайлоодо жеңилип калган саясий партиялардын тарапташтары тарабынан уюштурулган элдик көтөрүлүш деп түшүндүм. Бул окуяларга элдин да күнөөсү бар. Себеби, жарандар өз укуктарын туура пайдаланбай добушун, абийирин сатып, аз акчага добуш берип жаткан учурлар болду.
Мен шайлоодогу электрондук урналарга ишенем. Шайлоо тилкелериндеги чыгарылган жыйынтыктарга да ишенем. Буга эл өзү себепчи. Ал эми айрым саясий партиялардын одоно мыйзам бузган учурларын эл айтып жатышпайбы.
Мисалы, форма 2 арызы аркылуу шайлоого катышкан жарандар тууралуу. Бул да айрым саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамга киргизилген документ деп ойлоп калдым. Кандай бийлик келсе да эл үчүн ак иштеген адамдар бийликке келсин деп карапайым эл кудайдан тилеп олтурат. Мен да ошол ойдомун».
Аймактарда пандемия учурунда шайлоо тилкелеринде жарандардын санитардык коопсуздугу сакталууда
Таңнуру Жалалова