Жатын моюнчасынын рагы — ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет, ал аялдардын арасында жайылган рактын түрүнүн төртүнчүсү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсептик маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат. Оорудан каза болгондордун саны республика боюнча жылына орточо 300 учурду түзөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун жана саламаттык сактоо министрлиги 11 жаштагы кыздарга иммунизациялоонуну графигине ылайык вакцинанын эки дозасын киргизүүнү сунуштайт. Алткени бул куракта вакцина эң күчтүү иммундук жооп берет. Бул жылы болсо, 2022-2023 окуу жылында 12-14 жаштагы кыздар эмдөөдөн өтөт.
Бул вакцина 2006-жылы лицензия берилип дүйнөнүн 102 өлкөсүндө колдонуп келишет. Эмдөө жүргөн өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр вакцинанын эффективдүүлүгү жогору экенин көрсөтүп, попиллома инфекциясы жана жыныстык сөөл менен ооруган өспүрүм кыздардын жана жаш аялдардын саны кескин 90% кыскарган.
Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова башка вакциналар сыяктуу эле вакцинасы ийне кирген жердин кызаруусу, шишиги же оорусу сыяктуу терс таасирлерди жаратышы мүмкүн экенин айтат. Кээде кыздар баш ооруга, дене табынын бир аз көтөрүлүшүнө, алсыздыкка нааразы болушу мүмкүн. Бул жергиликтүү көрүнүштөр адатта 3 күндөн ашык эмес созулат жана коркунучтуу эмес:
“Бул жыныстык жол менен жуга турган оору болгондон кийин балдарды дагы эмдөөдөн өткөрсө болбойбу деген суроо жаралат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө эркек өспүрүмдөр дагы эмделет. Бизде болсо каржы жагынан мүмкүнчүлүк жок болгондуктан чет элден келген жардам аркылуу бекер эмдегени жатабыз.”
Жатын моюнчасынын рагына жыл сайын Кыргызстанда 500дөй аял чалдыгууда, көбү доктурга адатта илдет өтүшүп кеткенде кайрыларын, аларды сактап калуу оор экенин дарыгерлер айтып келишет.
Жалпысынан 11-14 жаштагы 300 миңден ашуун кызды камтуу пландалууда. Учурда 358 600 вакцина келди 29400 доза күтүлүп жатат.
Айгерим Кубатбекова