«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө, өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» мобилдик тиркемесин локалдаштырып, иштеп чыгышты. Азыркы учурда мобилдик тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.
“Oky” – бул өзүнүн ден соолугун башкарууга багытталган жана ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын кыздары менен биргеликте түзүлгөн биринчи мобилдик тиркеме. Мобилдик тиркеме алгач ЮНИСЕФтин Азия-Тынч океандагы аймактык кеңсеси тарабынан иштелип чыккан жана ал кыздарга айыз циклин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган тиркеме тыюу салууларды, стигматизацияны жок кылууга, айыз цикли жөнүндөгү уламыштарды жана туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жардам берген жана кыздардын репродуктивдүү ден соолугуна байланыштуу жетишсиз болгон сапаттуу маалыматтын боштугун толуктап турган инновациялык чечим. Бул тиркемени колдонгон кыздар үчүн ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтууга жана суроолоруна ишенимдүү жооп алууга мүмкүндүк берет.
“ЮНИСЕФ кыйынчылыктарга дуушар болгон балдарга, аны менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ар дайым салттуу жана инновациялык жолдорду издеп келет. Буга чейин жетилип калган кыз балага айыз деген эмне экенин жөнөкөй, оңой жол менен үйрөнүүгө жардам берген Акылай жөнүндө аңгемени чыгарган. Учурда “Айкын багыт” фонду менен биргеликте “Oky” мобилдик тиркемесин ыңгайлаштырды, ал кыздарды чочуткан коркунучтарды жана ушактарды жок кылууга жардам берет”, — дейт, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү, Кристин Жольм.
Мобилдик тиркеме аймактардын санариптик реалдуулугун эске алып (Интернеттин ылдамдыгы, ар кандай үлгүдөгү мобилдик аппараттардын болушу) жана кыздардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге алардын чоңоюусу, организминдеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү жана репродуктивдүү ден соолугу жөнүндө маалымат берүүгө жардам берет.
“Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова, тиркеменин артыкчылыктары жөнүндө айтып берди:
“Oky функциясы Android жана App Store түзүлүштөрүндө тиркеме түрүндө жеткиликтүү жана ал циклдин жеке календарын, кыздардын улуу эжеси менен сүйлөо турган чат ботту, ошондой эле кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедияны камтыйт. ”
Эске сала кетсек, иркемени Play Market жана AppStore көчүрүүгө болот.
Айгерим Кубатбекова