Жыл сайын 8-мартка карата Тогуз-Торо райондук деңгээлде айымдар арасында волейбол оюну өткөрүлөт. Уюштурулуп келген спорттук иш-чарага 5 айыл аймактан 21 команда түзүлгөн. Сары- Булуң айыл аймагынан атайын топ түзүп оюнга катышкандардын бири Тунукгул Орозбекова 22-жылдан бери үй кожойкеси, 7баланы тарбиялап өстүргөн. Бала кезинен волейбол, футбол оюндарына кызыгат. Бала тарбиялоо, үй жумуштарынан улам, спорттук оюндарга катышканга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
«Жаңы волейбол оюуна катышканда бир аз тартынып, элден кооптонуп келгем. Азыр, уялбайм, эркин сезип, ойноп жатабыз. Футбол оюнун дагы жакшы көрөм. Жүгүрүп ойногон жакшы, ден-соолукка да пайдалуу. Футбол ойногондо, дарбазаны мен тосом. Топ келатканда үн коштоп, кыйкырып, келиндерге дем-күч берип келем. Оюн учурунда элдер колдоп турса, сүйүнүп жакшы ойнойсуң. Бул оюн утулуп калсаң кейибейсиң, тескеринче, күчтөнөбүз, эмкиде утабыз деп. Жолдошум, туура түшүнүп, барып келгиле, ийгилик, жеңишки жеткиле деп узатат. Айыл өкмөт тарабынан берилген топ бар, бош убактыбызда кошуна келиндер менен ойноп калабыз.”
Спорттук оюнга активдүү катышып келген Жазгүл Рысбекова дагы спорттун пайдасын белгилеп, алар үчүн мындай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанат:
“23 жылдан бери спорт менен алектенип келем.Турмушка чыкканга чейин Тогуз-Торо району боюнча жугүрүп, биринчи келип жүрдүм. Балалуу болгондон азыркы күнгө чейин волейбол ойнойм. Спорттун пайдасы көп, ден-соолугум чың, шамдагаймын, жаш көрүнөм, кызыгуум курч, үй-бүлөм суктанат. Мен сүйүнүп келсем, жолдошум, бала-чакам кошо кубанып, мени колдоп келишет. Көбүнчө футбол оюнуна көнүп калыптырбыз. Волейболго колубуз жетпей калганда, бутубуз менен ойноп калабыз. Башында футбол ойногондо каршы чыгып жүрүштү.
Тарыныч, кек-сактоолорду, топ ойногондон кийин баарын унутуп калабыз. Негизи, мен топ ойногондо эргүү алам. Кээде ойногум келгенде эшикке чыгып, балам менен футбол ойноп коем. Чуркагым келгенде чуркайм, велосипед тээп коем. Жакында Атай айыл аймагында өткөрүлгөн волейбол оюнунда “Мыкты чабуулчу”деген грамота алып келдим.»
“Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан футбол ойногон айымдарды алып чыктык. Команда топтоп, 15 күн алдын-ала даярдандык, күнүгө кечки саат 7ден 10го чейин ойноп жатышты. Башында эл туура эмес кабыл алып жатышты. Акырында көнүп калышты. Оюн болгон күнү кайнагалары, кайнелери күйөрман болуп, уккан башка, көргөн башка экен деген пикирлерин билдирип калышты.
Көп эле аялдар үйдө олтурат бала жана күнүмдүк көр оокат менен алек болууда. Кыз-келиндерди коомго алып чыгуу максатында, спорттук иш чараларды уюштуруп келебиз дейт Кара-Суу аялдар кеңешинин төрайымы Бурулкан Кадырбекова:
“Аялдар менен эркектин укугу бирдей экенин далилидеген иш чаралар болуп турат деген ишенимдерин билдиришти. Мындан сырткары райондук деңгээлде өткөрүлгөн “Аялзат укугуңду бил”деген ураандын алкагында волейбол оюнуна катышып келишти. Сары-Булуң айыл аймагынан жергиликтүү бюджетинен айымдар арасында өткөрүлүп келген спорттук иш- чарага акча каражаты каражаты сарпталды. 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата дагы 15миң сом акча бөлүндү.»
Анара Мааметова