Суусамыр айылында эл аралык аялдар күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде спорттук беттеш болуп өттү. Иш чара алгач мектеп окуучуларынын атайын даярдалган концерти менен башталды. Таймашта Суусамыр айылынын беш мектебинин мугалим эжелери ат салышты.
Таймашка катышкан ар бир командага акчалай сыйлыктар тапшырылды, андан тышкары жеӊүү командага кубок жана ошондой эле грамота, медалдар тапшырылды. Иш чаранын демөөрчүсү Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан он эки миң сом жана Суусамырдын туруктуу демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан элүү миң сом берилди.
Нургул Аляскарова уюштурулуп келген спорттук иш-чараларга активдүү катышып келет. Анын айтымында спорттук оюндар айымдардын ден-соолугун чың алып жүрүүгө, оорулардын алдын- алууга жардам берет дейт:
Нургул Аляскарова
“Мен бул мелдештерге жылда катышам, биздин команда жеңишке жетип келатабыз жыл сайын. Айымдарга карата уюштурулган иш-чаралар бизди абдан шыктандырат. Анткени айыл жеринде айымдар учун башка барып машыга турган фитнес же ден соолук борборлору, сулуулук салондору деле жок, ошол себептен мындай иш чаралар жаштарга эле эле эмес улуу эжелерге дагы өтө пайдалуу жана керек. Мүмкүн боллушунча мындай иш чаралар уюштурулуп турса жакшы эле болмок ”.
Мындай иш чаралар Суусамыр айылында жыл сайын өткөрүлүп турат. Мунун башкы максаты айылдык кыз келиндерди колдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары айылдык аялдарды колдоого жергиликтүү уюмдар өтө активдүү катышып, айымдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле үй оокатынан бошоп, өзүнө убатыт бөлүүгө, ден соолукка кам көрүүгө шарт түзөт.
Бир жылда бир нече жолу айымдар үчүн уюштурулуп келчү иш чаралар тууралуу «Айыл аймактык аялдарды коргоо» комитетинин төрайымы, «Айылдык ден соолук комитетинин» жетекчиси Нурзат Райымбекова төмөнкүчө айтып берди:
Нурзат Райымбекова
“Кыз келиндерге арналган иш- чаралар жылына жогорку деңгээлде уюштурулуп келет. Биз Айылдык ден соолук комитети болгондуктан спорттук мелдештерди көп уюштурабыз. Эгер өткөн жылга кайрыла турган болсом, былтыр ошол медкызматкер айымдар ортосунда спорттук мелдеш уюштуруп бергенбиз. Ал иш чарада демөөрчүлөр КДК комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариевна, Суусамыр айыл өкмөт башчысы Максат Сейткулов, Суусамыр айылдык ооруканасынын жетекчиси Бурулкан Курамаевна, айылдык депутаттар,Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин директору Азамат Кашкариев, Айыл аймактык аялдар комитетинин жетекчиси жана ошондой эле АДК комитетинин төрайымы мен Нурзат Райымбекова болдум.
Негизи мындай иш чараларга жергиликтүү уюмдар моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келишет. А мен өз тарабыман колумдан келгенимди кылам. Негизи мындай иш чараларды колдон келишинче көбүрөөк уюштуруп турсак жакшы эле болмок. Анткени үй кожойкелери, айылдагы кыз-келиндер дагы кайрылып, биз дагы катышсак болот эле деп айтып калышат”.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен айымдарга карата арналган иш-чараларга каражат кандай бөлүштүрүлөрү тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Урмат Алыпсатаровдон сурадык:
“Бизге айымдарга арналган иш- чаралар боюнча Айылдык ден соолук чындоо комитетинен кайрылуулар болуп турат, мындай учурда биз сөзсүз түрдө моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтөбүз. Себеп дегенде бизде көбүнчө мырзаларга арналган иш- чаралар болуп турат, мисалы майрамдарда улак ,волейбол, баскетбол сыяктуу оюндарга айыл өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, колдоо көрсөтүп турабыз. Ошол себептен айымдарды колдоо максатында бизге кандай гана маселе менен кайрылышпасын биз сөзсүз түрдө колдоп беребиз».
8-март Аялдардын Эл аралык күнүн мындай иш-чаралар аркылуу белгилөө, бул айымдарды колдоонун дагы бир аракети болуп саналат. Майрам күнү белек же гүл берип, майрамдык стол даярдап айымдарды куттуктоодон тышкары, алардын мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, колдоо көрсөтүү иш-чаралары да уюштурулуп турушу керек. 8-Март майрамынын түпкү мааниси да ушуга байланыштуу.
Айтурган Кушкарбекова