Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаы-Жер айыл аймагына караштуу мектептерде жана №43-кесиптик лицейде окуучулар менен иш алып барган жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор медиасабаттуулук, жаш өспүрүмдөр менен эффективдүү байланыш түзүү жана жаштар менен иш алып баруудагы интерактивдүү ыкмаларды колдонуп иш алып барышууда.
“Азыркы коомдо жаштар менен иш алып баруу татаал жана жаңыча ыкмаларды талап кылууда. Ошондуктан биз милиция кызматкерлери дайыма изденүү үстүндө болуп, жаңы билим алууга даяр болушубуз керек. Алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө жаштардын өзүн тартуу, кызыктуу форматтарды колдонуу жакшы натыйжа бере тургандыгын практикада көрүп жатабыз. Мындай окутууларды байма-бай өткөрүп турууну колдойбуз”, – деп билдирди Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмүндө өспүрүмдөр менен иш алып баруучу Сталбек Эркулов.
Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмчөсүндө өспүрүмдөр менен иш алып барган милициянын кенже лейтенанты Сталбек Эркулов
№43-кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган окуучулардын коопсуздугу үчун кесиптик лицейдин мугалим-устаттары дагы бирге иш алып барышууда
№43-кесиптик лицейдин мугалим-устаттары
Жыйынтыгында алдын алуу иш-чараларын жер-жерлерде өткөрүү үчүн уюштуруу иштерин мектептин социалдык педагогдору менен биргеликте иштешүүдө.
Турсун Омуралиева