Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүндөгү унаа жол жээгинин тилкесинде тротуар жасоо жол жумуштары аяктап калды. Айылдын борбордук көчөсүндө курулуп жаткан тротуар, Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашырылууда.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Бекмаматовдун жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын иш аракеттеринин негизинде айыл ичинде көптөгөн жумуштар ишке ашырылууда. Учурда айыл аймагына караштуу Зеленное айылында оорукананын (ФАП) курулуш иши башталды.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Динара Абакованын билдирүүсү боюнча азыркы учурда айылдагы борбордук көчөдөгү унаа жолунун жээгине 1 чакырым тротуарга асфальт төшөө жумуштары жасалып жатат. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ошол каржылоонун негизинде иш жүргүзүлүүдө. Тротуар айыл тургундарынын чечилбей келген маселеси эле. Өзгөчө мектеп окуучулары, кичинекей бөбөктөр ушул жол аркылуу катташат. Айылдагы борбордук көчө болгондуктан, унаа жолу менен окуучулар мектепке баруу кооптуу болуп келген. Убакыт сааты келип быйылкы жылы тротуар жасалды.
Турсун Омуралиева