Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Жаңы-Жер» жамааттык медиа борбору 11-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясына катышты.
Бишкек шаарында өткөрүлгөн бул иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жетекчилери, активдүү кабарчылар, кызматташкан уюмдун өкүлдөрү, өнөктөштөр жана атайын коноктор келишти.
Конференцияга Жамааттык ЖМКлар Бирлиги ачылгандан бери туруктуу колдоп келген Deutsche Welle Академиясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча координатору Лидия Ранерт (Lydia Rahnert) катышты.
Конференцияда жамааттык медиалар жыл ичинде жетишкен ийгиликтерине токтолуп, аткарылган долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүштү.
Учурда Бирликтин мүчөлүгүндө Республика аймагында 27 жамааттык мультимедиа борборлор жана 3 үналгы ишмердүүлүгүн кылууда.
Турсун Омуралиева