Жайыл районунун Кара-Суу айылынын окуучулары үчүн “Сценадагы цирк” аталышындагы оюн-зоок көрсөтүлдү.
16-апрелде айылга “Сценадагы цирк” аттуу жарнама менен цирк өнөрүнүн чебери-клоун Асланбек Атбасаров келип, айыл тургундарына жана мектеп окуучуларына өз өнөрүн тартуулап кетти. Цирк чебери өз номеринде жыландар, деңиз чычкандары жана ошондой эле ар кандай фокустарды көргөзүп, көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болду. Асланбек Атбасаров Бишкектен келгендигин жана цирк искусствосунда 40 жылдай эмгектенип келе жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Цирк чебери айылдын тургундарына жана окуучуларга цирк искусствосунун бир-эки жанрын көрсөтүп, кол чабууларга ээ болуп, ыраазы болуп кетти.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада