Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде «Алиппе майрамы» болуп өттү. Анда 1-класстар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга, мугалимдерге көрсөтүп беришти.Ар бири өздөрүнүн бөлүнгөн тамгалары жөнүндө ыр ырдап, бий бийлеп, жомокторду аткарып беришти.
1-а классынын жетекчиси Болдукыз Кудайбердиева майрам ал үчүн аябай кубанычтуу болгонун айтты:
«Окуучуларым тамгаларды, тыбыштарды, тамгадан сөз жасаганды, сөздөн сүйлөм түзгөндү, сандарды кошуп, кемитүүнү үйрөнүштү. Бизге ата-энелер аябай жардам беришти. Өздөрү демөөрчү болуп, бизди ар тараптан колдоп, балдары менен бирге окушту,»-дейт ал.
Кызынын Алиппе майрамына келген Гүлзат Сапарбек кызы: «Окуучулар аябай активдүүлүгүн көрсөтүп, бардык алган билимдерин далилдеп беришти. Мугалимдер да катуу даярданып слайд түзүп, залды жасалгалашыптыр,»- деп билдирди.
1-в классынын жетекчиси Нурзада Мурзаш кызы бул майрамга көптөн бери окуучуларын даярдап келгенин жана ойдогудай өткөрүп алгандыгын билдирди.
Гүлзат Алимбаеванын айтымында: «Балам экөөбүз Алиппе майрамга кыштан бери ыр, макалдарды жаттап даярданганбыз. Мугалимдер «Бирге окуйбуз» долбоорун жакшы түзүшүптүр биз да балдарыбыз м.н бирге окуп унутуп калган нерселерибизди эске түшүрүп алдык,»-дейт.
Даярдаган: Аймончок Кожонова