Кыргызстандагы алдыңкы 80 студент президенттик стипендияга ээ болду. Алардын бири алыскы Баткен облусунун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун студенти Чачыкей Мурзабек кызы. Окуу жайдын 10 жылдык тарыхында эч ким президенттик стипендияга ээ болгон эмес. Окуу жайдын намысын коргоо үчүн каарманыбыз эки жыл даярданган.
Чачыкей Мурзабек кызы Ноокат районунун Жайылма айылында туулуп-өскөн. Ал учурда Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун информатика профилинин 4-курсунун студенти.
— Чачыкей саламатсызбы? Сыйлыгыңыз кут болсун. Кандай сезимдерде болуп турасыз?
— Чоң рахмат. Бактылуу сезимдер тарай элек. Бул мен үчүн гана эмес, жалпы Баткен мамлекеттик университетинин анын ичинде Кызыл-Кыя педагогикалык гуманитардык институтунун жалпы жеңиши болуп отурат. Тааныштар куттуктаган сайын бактылуулук сезимдери болуп жатат. Ошондо ушул деңгээлге жеткирген ата-энеме, устаттарыма ыраазы болуп жатам.
— Президенттик стипендияда Кыргызстандын алдыңкы студенттери жана өлкө башчы менен болгон жолугушуу кандай таасир калтырды?
— Акыркы 10 жыл ичинде Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунан президенттик стипендияга эч ким жетише элек экен. 10 жыл мурун бир эже алыптыр. Мен президенттик стипендия алып келгенден кийин студенттер өзгөчө күтүп алды. Аларга “силер дагы аракет кылгыла, бул сыйлыкка жетүү реалдуу” – деген мотивация менен келдим. Баткен облусу чек арага жакын болгондуктанбы, четте калып калгандай… Ошондуктан, алдыга жылууга аракет кылып жатабыз.
— Студенттердин терең билим алуусуна керектүү шарт түзүлгөнбү?
— Билим алуу боюнча акыркы убакытта жакшы өнүгүүлөр жүрүп жатат. Интернет байланышы, электрондук доска, китепканалар бардыгы жетиштүү. Болгону аракет гана керек…
— Эмне үчүн акыркы 10 жыл ичинде эч ким президенттик стипендияга ээ болгон эмес?
— Биринчиден, студен окуу жайга барганда устатты жакшы тандап, акырына чейин ошол устат менен иштешиши керек экен деген тыянакка келдим. Себеби, кайсы иш-чара, конференцияга барбайын кураторум Бурмакан Жолдошовнанын эмгеги чоң. Керек болсо, мени үйүнө чакырып даярдаган учурлары болот. Студенттерди кызыктырган мугалимдер болсо, алдыңкы студенттер чыгат экен. Эң негизги себеп – мугалимдердин көңүл бурбагандыгы, студенттердин дагы аракетинин болбогондугу болсо керек.
— Университет ичиндеги башка студенттерден сиздин өзгөчөлүгүңүз эмнеде?
— Мен тааныган адам айтсак жакшы болмок… Менин башка студенттерден өзгөчөлүгүм – элдин алдына чыгып, жаш калемгерлердин катарында ыр жазып жүрөм. Эгемберди Эрматовго арналган республикалык фестивалга эки жолу катыштым. Окуудан тышкары коомдук иштерге дагы активдүү катышам. Спорт залда волейбол менен машыгам. Окуучу кезимде музыкалык мектепти бүтүргөм, комуз чертем. Бош убактымда көбүрөөк китеп окуп, өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасайм. Президенттик стипендия алышыма жогоруда санап өткөн жөндөмдөрүм жана аракеттерим себеп болду деп ойлойм.
— Президенттик стипендияга ээ болуу үчүн аракет кылгансызбы?
— Абдан күчтүү суроо бердиңиз. 3-курста окуп жүргөндө абдан көп конференция, коомдук иштерге катышып калдым. Дипломдорум көп эле. Бир күнү кураторум мактоо баракчаларыңдын бардыгын топтоп келип, көчүрмөсүн чыгар деп, документ даярдап жаткандыгын айтты. Каякка даярдап жатасыз деп сурасам, президенттик стипендияга деди. 3-курста даярдап жөнөткөн документибиз өтпөй калды. Ошондо кийинки жылы дагы аракет кылайын деген ой келди. Кандай иш-чара болбосун ар бирине катышам деген ойдо болдум. 4-курска келгенде жыл башынан эле даярдык көрүп жаттык.
— Эмне үчүн 1-жолу тапшырганда бул сыйлыкка ээ болбой калдым деп ойлойсуз?
— Биринчи жолу тапшырганда илимий конференцияларга катышкандыгымды тастыктаган дипломдор азырааак болчу. Мындан тышкары, 2-3-даражадагы дипломдор бар болуп, 1-даражадагы дипломдорум жок эле. Андан кийин аларга жетише алдым. Ушул нерсе негизги себеп болдуго деп ойлойм.
— Педагогика багытында акыркы курста билим алып жаткан экенсиз. Окууну аяктаган соң эмне кыласыз?
— Мен бакалаврды бул жылы аяктайм. Андан соң дароо эле магистратураны улантам. Университетти аяктаган соң, 3 жыл мектепте иштөө керек эмеспи. Ошондуктан, алгач эмгек жолумду мектепте баштайм. Андан кийин колледж, жогорку окуу жайларда иштейм деген ниеттерим бар.
— Президенттик стипендияга кантип ээ болдуңуз деп байланышып жаткандар болсо керек…
— Ооба, мындай суроо бергендер көп болуп жатат. Тааныбаган номурлардан деле көп смс келип, президенттик стипендияга кантип ээ болуңуз, тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүзчү деп жазып жатышат. Эң биринчи ийгилик – адамдар менен жакшы мамиле. Мугалим, үй-бүлө, группалаштар менен жакшы мамиледе болгондо жана алар сени колдоп турса, душмандыгы жок болсо жакшы ийгилик жаралат экен деген ойго келдим.
Касиет Кубанычбек кызы