Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раевдин «Илегилек» драма жыйнагы сүлүктүлүк окурмандар ортосунда чоң кызыгуу менен окулуп жатат.

«Бул китеп колума тийгенден кийин бир дем менен окуп чыктым. Чыгармалар жаштардын рухий дүйнөсүн кеңейтүүгө өбөлгө болот деген ойдомун»,- дейт саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Мусуратилла Исканов.

«Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын китепканасына Илегилек китебинен беш нусканы шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов алып берди. Окуучулар жана мугалимдер жамааты өтө кызыгуу менен окуп жатабыз. Гимназиябызга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген Каныбек Арзибековичке терең ыраазычылык билдиребиз»,- дейт аталган окуу жайынын директору Базаргүл Рустамова.

«Бишкекке иш сапары менен барганымда Султан Раевдин «Илегилек» китеби колума тийип калды. Китепти барактап окуп жатканда кана эми ушул китепти бардык окурмандар окуп чыкса деген ой келди. Ошондо бул китептен жүз нуска сатып алып келип, үч нускасын жакын санаалаштарыма белек кылып бердим, калганын шаардык китепканага жана окуу жайларынын китепканалырына китеп фондуна өткөрүп бердим. Арадан көп өтпөй окурмандар ыраазычылыгын билдирүүдө»,- дейт Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов