
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындар залында «Социалдык заказ долбоорлорун аткаруу» боюнча тренинг өттү.
Тренингге Сүлүктү шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери, шаардык Кеңештин депутаттары, Сүлүктү шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгын кызматкерлери жана жаш мугалимдер болуп жалпысынан 30 киши катышты.

«Тренингдин максаты социалдык долбоорлорду жазуу, аны ишке ашыруу боюнча шаар тургундарынын билимин жогорулатуу жана мындан ары социалдык долбоорлорду жаза турган топторду калыптандыруу болчу. Шаардык Кеңеш жана мэрия колдоо көрсөтүп, тренинг максатына жетти деп ойлоймун»- дейт тренингди өткөргөн, Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистранты Бакытбек Сапаркулов.

«Бул тренинг Сүлүктү шаарына өтө пайдалуу болду, анткени социалдык долбоорлор менен иштеп шаарды өнүктүрүү үчүн долбоорлорду жаза турган топтор керек болуп жаткан. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шартты түзүп беребиз»,- деп маалымат берди шаардык Кеңештин төрагасы, Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүсү Каныбек Исмаилов.

Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова:
«Тренингдин уюштуруу иштерине мэрия жардам бердик. Тренингдин жыйынтыгында мындан ары социалдык долбоорлор менен иштейбиз деп максат койгон төрт топ түзүлдү. Мындан ары тыгыз иш жүргүзүү менен социалдык долбоорлорду ишке ашырабыз. Тренингди финансылык колдогон Ханнс Зайдель фондунун борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирип кетемин»,- деп маалымат берди.

Сүлүктү шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Увраим Акимбеков: «Мен өзүмдүн жооптуу кызматкерлерим менен тренингге катыштык. Өтө пайдалуу маалыматтарды алдык. Эгер Ханнс Зайдель фонду фандрейзинг боюнча кийинки тренингдерди колдоп берсе жакшы болот эле»,- деп маалымат берди.

«Өзүм финансистмин, көмүр өндүрүүчү ишканаларын биринде башкы бухгалтер болуп иштеймин. Бул тренингден кийин кичи долбоорлор менен иштеймин деп пландап жатамын»,- дейт шаардык Кеңештин депутаты Нурлан Жолдошев.

«Тренинг жыйынтыкталып жатканда шаардык Кеңештен жана мэриядан фандрейзинг боюнча тренинг өтүү боюнча сунуш түштү. Эми ушул боюнча иш жүргүзөбүз»,- дейт тренер Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Барчинай Алимова