Жайыл районунун Кара-Суу айылынын үй-бүлөлүк жашоосу туралуу айтып беребиз. Айыл тургуну Канысбек атанын үй-бүлөсү учурда бактылуу өмүр сүрүп келе жаткан кези. Ал жубайы менен 63 жыл бирге түтүн булатып келе жатышат.
Чоң ата өзүнүн үй-бүлөөсү туралуу мындай кеп айтып берди: “Мен 10 баланын атасы элем, тилекке каршы 2 балам каза болуп калган. Бирок кудайга шүгүр неберелерим, чөбөрөлөрүм бар. Үй-бүлөм ынтымактуу жана биримдиктүү. Бардык балдарым апалап, аталап сыйлап турат”.
Канысбек ата балдарына жол көрсөтүп, максатын айтып тураарын тастыктаган. Ал эми анын жубайы Кишимжан апанын айтканы:
“Биз бактылуубуз, жашообуз жакшы, баары ойдогудай. Балдарым мени сыйлап урматтап турат. Мен үйдөн неберелерим менен эле алекмин. Үйдөн көп деле жумуш кылбайм. Үй-бүлөм менен бактылуумун, жакшы жашайм. Буйруса биздин балдарыбыз бизди ушунча жыл жашаганыбызды белгилеп, алтын той берели деп жатышат. Айылдагы башка үй-бүлөлөр туралуу айтсам, жетишпеген жактары бар, Бирок аялын, күйөөсүн жана бала-бакырасын жамандагандарын уга элекмин. Айылдагы үй-бүлөлөр ынтымактуу эле жашашат деп ойлойм. Менин оюмча жакшы эле болуш керек”.
Бул үй-бүлө 63-жылдан бери турмушта бирге жашап келишет.
Даярдаган: Данияр кызы Назик