Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сɵз кызматы Ак-Талаа районунун 3 тургунунан мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынганын билдирди.
Ак-Талаа райондук ички иштер бɵлʏмʏ тарабынан аңчылык кылып жʏргɵн жарандарды аныктоо жана алардын ок атуучу куралдарынын документтерин текшерʏʏ максатында атайын буйруктун негизинде 25-январдан 28-январга чейин ыкчам профилактикалык рейд ɵткɵрʏлʏп, жыйынтыгында документи жок колдонулуп жʏргɵн 3 сайсыз ок атуучу куралдар алынган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестерине катталып, сотко чейинки ɵндʏрʏш иши жʏрʏп жатат.
Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан