Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.
Бул тууралуу «Кыргыз телекомдун» Сумбула айыл аймагындагы адиси Айдарали Жороев билдирди.
«Ушул Сумбула айыл өкмөтүнө биз он эки километрге кабель тартык. Эми ушул айдын акырына чейин аппаратурасы келсе күйгүзөбүз», — деп билдирди Жороев.

Кабелдик интернет каалаган жашоочунун үйүнө киргизилет.
«Элди интернет менен кымсыз кылганга аракет кылабыз. Келгенден кийин баалары коюлат», — деп токтоло кетти Жороев.


Сурамжылоого катышкан сегиз айыл тургуну үйүнө интернет киргизе турганын айтышты. Алардын бири Илешбай кабелдик интернеттин келишин күтүп жүргөнүн билирди.
«Кабелдик интернет келсе жакшы болот. Келсе үйүмө киргизем. Интернет келишин күтүп турам», — дейт ал.

«Интернет келишин күтүп жатабыз. Августта келсе үйгө киргизебиз», — деди дагы бир айыл тургуну Бахром Мухидинов.
Даярдаган: Камбарбек Асан уулу
конкурс үчүн