Лейлек районунун Сумбула айыл өкүмөтүндө 20-февралда Мекенди коргоо күнүнө карата «Эр жигит 2017» сынагы болуп өттү. Ага аталган айыл аймагынан үч жигит катышып күч сынашты.
«Эр жигит 2017» сынагы Сумбула айылдык маданият үйүндө өтүп, ага үч жигит катышты. Искра айылынан Алибек уулу Арзыбек, Сары-Дөбө айылынан Жанибеков Бекболот, Көк-Таш айылынан Артыкбаев Бекжан катышышты. Жигиттер беш багытта ат салышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү.


1. Кыргызымдын кыраан жигиттери
2. Ким күчтүү?
3. Жигиттер ашканада
4. Адептүу болуу өзүңдөн
5. Жигитке жетимиш өнөр аз


Жыйынтыгында Көк-Таш айылынан катышкан жигит Артыкбаев Бекжан райондук сынакка жолдомо алды. Бардык баскычтарда өзүн өзгөчөлөнтүп көрсөтө алган жигитти тандап алдык деп билдирди калыстар тобунун төрайымы Миргүл Исмаилова.
“Калыстар тобу жигиттерди ар тараптан сынап, туура чечим чыгарууга аракет кылдык. Жигиттердин баары аракет кылышты. Бардыгына айыл өкүмөт тарабынан ардак баракчалары тапшырылды. Жыйынтыгында эң жогорку 69 упай топтогон Бекжан Артыкбаев жеңишке жетти”, — деди Исмаилова.
Ал эми райондук турга жолдомо алган Бекжан Артыкбаев “Аябай жеңишке жеткеним үчүн сүйүнүп жатам” деп кубанычын бөлүшүп өттү.
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн