Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан китепкана учурда кандай иштеп жатат? Бул туурасында билип көрүү үчүн китепканачы Жаннатай Жанибекова менен маектештик.
Жаннатай Жанибекова 15 жылдан бери китепканада эмгектенет. Ал жаңы өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдүн китепке болгон кызыгуусу жакшы экендигин айтат.

“Окуучулардын китепке болгон кызыгуусу жакшы. Көбүнчө 2-7-класка чейинки окуучулар китеп алышат. Адабий китептерди, жомокторду, сөздүктөрдү көп окуйт. Китепканага балдар көп эле келет. Чоңдор болсо гезит-журналдарды окуу үчүн келет”, — деп билдирди китепканачы.

Жанибекованын айтымында, китепкананын салынганына 50 жылдан ашкан.
“Бул китепканада 8 927 китеп бар. Көбү адабият жаатындагы китептер. Бул китепкана 1965-жылы ачылган. Жыл сайын жаңы китептер менен толукталып турат”, — деп кошумчалады ал.

Даярдаган: Бахтияр Насиридин уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн