Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Аймактагы дыйкандар учурда чөп чабык иштери менен алек. Бул үчүн зарыл техника каражаттары жетиштүү. Чөп былтыркы жылга салыштырмалуу начар.

“Сумбула айыл аймагы боюнча жалпы 1633 га жер бар. 50 га эспарцет, 40 га беде. Учурда чөптүн 80 пайызы орулду. Чөп былтыркыга салыштырмалуу начар. Аймак боюнча 70 техниканын түрү иштеп жатат. Техникалар күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздалган. Эч кандай көйгөйлөр жок”, — деп билдирди жер адиси.
Дыйкан Ырысбек Жумагуловдун айтымында, быйыл анын чөбү жылдагыдай эмес.

“Талаада 2 га жерим бар. Чөп жылдагыдан начар. Мурдагы жылы 2 га жерден 300 таңгак алганмын. Быйыл болсо жаандын аздыгынан 180 таңгак чөп алып олтурам”, — деди.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
“Конкурс үчүн”