Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Семинар ACTED эл аралык уюму жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, уюшулган. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдурайим Жороевден маалымат алдык.


“Бүгүнкү семинар аябай жакшы болду. Себеби ACTED уюуму айыл өкмөттө жок картошканын жаңы уруктарын алып келди. Ушул түшүмдүүлүктү көбөйтүү боюна эң жакшы иш-чара жүрдү деп ойлоймун. Уюштурган уюумдарга терең ыраазычылык билдиребиз”, — деди Жороев.

Фермер Миталип Базарбаев:
— Бул картошка 120-130 күндө бышат. Өндүрүлгөн мамлекети — Голландия. Кеч бышуучу сорттон. Өтө жогорку түшүм берүүчү тегерек жана сүйрү формадагы ашкана жана өндүрүш картошкасы. Биздин шартка ылайыктуу. Тоолуу жерге жакшы өсө турган картошка. Аба ырайынын ар түрдүү шартына туруктуу, ошондон улам узак мөөнөткө сактоого ыңгайлуу.


Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
“Конкурс үчүн”