13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор бузулган.Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрзаков төмөнкүчө билдирди: «Катуу жаандан Сары-Дөбө айылынын Касай участкасына сел түшүп, 7 үй-бүлөнүн там аркасына сел кирген. Тамдарга сел кирип, жарым гектарга жакын жүгөрү, сабиз, картошка эгиндерин суу басып калган. Касайды айланып өткөн жол толугу менен иштен чыккан. Жогорку чыңалуудагы столба авариялык абалда. Бул жөнүндө акт түзүлүп, МЧСге билдирүү берилди».
Айыл тургуну Мамадеминов Жаныбектин тамаркалары толугу менен суу астында калган. Бул тууралуу ал төмөнкүчө айтат:»Жакында эле айдап эккен 20 сотых жеримди толугу менен сел агызды. Мындай көрүнүш 5 жыл мурда болгон. Эгин эгүүгө коркуп деле калдым. Эми жеримди кайрадан айдап, эгүүгө туура келет»,-деп жыйнтыктады.Мындан башка дагы тургундар ушул сыяктуу сөздөрүн айтып, өкмөттөн үй салуу үчүн жер тилкелерин сурайт. Жана дагы кошумчалай кетүүчү нерсе Көк-Таш айылында дагы сел жүрүп, кесепеттен 10 го жакын мал аккан.
Даярдаган: Данияр Исакбаев
Мыкты макала сынагы үчүн