Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жаз жылдагыдан эрте келип, жазгы талаа иштери эрте башталды. Учурда жергиликтүү элдер арпа, буудайларын эгүү үстүндө.
Кылкандуу дан эгиндерине иштөө үчүн керектүү техникалык каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу кененирээк маалыматты жер адис төмөнкүчө билдирди:
«Күйүүчү жана майлоочу майлар техниканын ээлери тарабынан камсыздалат. 52 трактор, 35 сеялка иштеп жатат. Көйгөй жок. Аймак боюнча 1633 га жер бар. 950 га кайрак жерге буудай, арпа жана көп жылдык эспарцет, беде өсүмдүктөрү эгилүүдө. Учурда жумуштун 70%ы бүтүп калды,»-деп билдирди Умурзаков.
Тракторист Айбек Кошонов 1гектар жерге 3000 сом алаарын айтат.
«1 гектар жерди 2000 сомго айдап беребиз. Үстүнөн сеялка менен эгип берсек 1000 сом кошулуп 3000 ге турат. Күнүнө өзүм 10-15 га жер айдаймын. Техникалар өзүбүзгө караштуу болгондуктан өкмөт тарабынан эч кандай акы албайбыз,»-деп маалымдайт тракторист.Учурда күндүн сууткандыгынан талаа иштери убактылуу токтоп турат.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Мыкты макала сынагы учүн