Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер медиа борборунун журналисттери коронавирус илдети менен ооруган айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздү. Себеби айыл тургундарынын арасында COVID-19 илдети менен ооруп айыккандардын өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, көп убакытка чейин айыга албай жаткандар катталууда.
Коронавирус менен ооруган бейтаптардын айыгуу процесси узакка созулуп, айрымдары бул оорунун кесепеттерин тартышууда. Өнөкөт дарттарды козгогондон тышкары вирус айыкса да адамдын организминен толук чыкпай, андан калыбына келүү бир топко созуларын дарыгерлер айтышууда. Ал эми ооруп айыккан айыл тургундарынан маалымат алганыбызда көбү вирус адамды бир топко чейин кыйнап, айрыкча өнөкөт ооруларды козгой турганын айтышты. COVID-19 илдетине чалдыккан айылдашыбыздын бири Таалайкан Бекматовага илдет былтыркы жылы июль айынын башында жуккан.
Таалайкан Бекматова достору менен тоодо эс алууда
«Мага былтыр коронавирус жукканда өлкөдө оору күч алган мезгил эле. Ооруканаларда өлүм көп катталып, оорун жок, элдер паника болуп жаткан кез болчу. Балдарымдын жардамы менен ооруканага араң жеттим. Бирок жатып дарыланууга орун жок. Районго, шаарга чалдык эч жер албай. Акыры чыдабай калганда айылдык дарыгер Медет Бостоевдин жардамы менен мурдагы “Ганси” авиабазадагы обсевацияга барып жатып дарыландым. Ал күндү эстегим келбейт, азыр да коркомун. Жанымда жаткандардын кыйналгандары, көзү өтүп кеткендерди, ыйлаган үндөрдү кантип эстегиң келсин.
Андан айыккандан кийин баары бир алсырап, тердеп, мурдагыдай күчтүү болбой калат экен киши. Сөөк, муун ооруларым ооруп кыйналып жүрөмүн. Өзгөчө эс тутумум начарлап, унутчаак болуп калдым. Кесибим тикмечи, акыркы күндөрү иштөө жөндөмүм аябай эле начарлап, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Бирок ден-соолугумду чыңдоо үчүн таза абалуу жайлоого барып, көнүгүүлөрдү жасап жатам. Ар бир адам өз ден-соолугуна өзү кам көрүш керек да».
Жаңы-Жер айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Шухрат Тажибаевдин айтуусу боюнча:
Жаңы-Жер айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Тажибаев
«Коронавирус кадимки эле курч дем алуу органдарынын вирусуна окшош болгону менен төмөнкү дем алуу органы болгон өпкөгө тез эле өтүп кеткендиктен, бейтаптардын көбү пневмониядан жабыр тартышууда. COVID-19 илдети эң негизи- мээнин иштөө функциясын да бузат. Айрыкча өнөкөт оорусу барларга, боор, бөйрөк, жүрөк, кан айлануу системасында көйгөйү барларды бул вирус жабыркатууда.
Көпчүлүк адамдарда кан тамырларда тромб пайда болуп, мээдеги кан тамырлар жарылат. Иммундук система алсыз болгондуктан энцефалит, инсульт сыяктуу неврологиялык, инфаркт, кан басымдын жогору, ылдый болушундай оорулар келип чыгуусу мүмкүн. Ушундай оор кесепеттерден улам булчуңдар да ооруп, адам өзүн алсыз сезип, жумушка жарамдуулугу алсыз болуп бат чарчап калышат. Ошондуктан өнөкөт оорулуу адамдар этият болушу зарыл».
Динара Абакова: Ооруп айыккандан кийин дагы жалпы гигиена эрежелерин бузбоо зарыл.
Динара Абакова Физикалык көнүгүүлөр иммунитетти көтөрөт.
«Ооругандар азайганы менен баары бир экинчи жолу вирус жугузуудан жана андан кабылдап кеткен оорулардан сак болуш үчүн өнөкөт оорусу барлар өзгөчө камкордукка алынып, сак болушу керек. Ал үчүн эң биринчи таза аба, жакшы маанай, туура тамактануу керек. Мен былтыр бул илдеттин жеңил түрү менен ооруганмын. Бирок, ошентсе да витаминдүү тамак аштарды жеп, спортко убакыт бөлүп, курортко барып, жайлоодо эс алып ден-соолугума өзгөчө кам көрүүдөмүн.»
Турсун Омуралиева