Август айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында «Үй – бүлөлүк фермердик чарба: жаңы иштөө формасы» аттуу долбоордун негизинде «Жамаат түзүү жана маркетинг» темасында «Аманат Өмүр» коомдук фонду тарабынан уюштурулган тренинг болуп өттү.
Тренинг учуру
Жамаат Сокулук районунда Белек жана Кызыл – Туу айылдарында түзүлгөн. Тренингдин жүрүшүндө «Бир айыл- бир продукт» коомдук фондунан келген тренер Наргиза Эркинбаева жамаат түзгөндөгү кыйынчылыктар жана маркетинг иш пландары жөнүндө кеңири айтып берди. Бул долбоор ишин Ысык-Көл облусунан башташкандары жана он жылдан ашканын белгилеп өттү.
Көчмөндөр чайы жасаган убагы
«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун жетекчиси Харагучи Акихиса «Өндүрүлгөн товардын биринчи сапатына, дизайны, баалуулугу, таңгактоо жана өндүрүш шарттарына көңүл бурушубуз керек», -деп билдирди. Чүй облусунун брендин иштеп чыгып, изденүү жана аракет менен биргелешип иштөөгө чакырды.
Жамааттар Сокулук районунун Кызыл-Туу жана Белек айылдарында түзүлгөн. Долбоорду ИСУР коомдук фонду тарабынан каржыланган.
Көчмөндөр чайын жасоону үйрөнүү учуру
Айсулуу Нурматова