Ковид-19 оорусу менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу бул ага каршы вакцина алуу. Бирок азыр эл арасында вакцина тууралуу терс көз караштагы тастыкталбаган маалымат тарап кеткендигинен көпчүлүк эл эмдөөгө каршы чыгууда.
Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында вакцина алууга көпчүлүк эл келбегендигинен жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан атайын көчө көчөлөргө медицина кызматкерлери, мугалимдер жана вакцина алган жашоочулар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мектеп мугалими Жайнакова Жылдыз жана Абакирова Саадат үй –үйлөргө кыдырып түшүндүргөндө аларды адамдар кандай кабыл алгандыгы жөнүндө төмөндөгүчө айтып беришти.
«Биз көчөдөн тааныш эле адамдарга вакцина алгандыгы тууралуу сурадык, көпчүлүгү жок алган жокбуз деп жооп берип жатышты. Себеби, алар интернеттен алган маалыматтардан улам коркуп жаткандыгын билдиришти. Бирок биз аларга өзүбүз алгандыгыбыз жөнүндө, азыр эч кандай терс таасирин байкалбагандыгын жана вакцинаны алган тааныштарыбыз өздөрүн жакшы сезип жаткандыгын айтып бердик. Өз ден — соолугубуз үчүн кам көрүп, вакцина тууралу жакшы маалымат берип өз тажрыйбабыз менен тең бөлүштүк.»
Ошондой эле, Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан даярдалган брошюраны вакцина алган айыл өкмөт кызматкерлери жана медицина кызматкерлер үй – үйлөргө кыдырып жалпы элге маалымат берип таркатылды. Бул иш –чара күн сайын уланууда. Элге туура маалымат берүү менен калк арасында ковид оорусунун азайышы толук мүмкүн.
ФАП кызматкери медайым Гүлнура Төлөбаеванын айтымында ковид оорусу айттырбай келген ар бир адам үчүн коркунучтуу илдет. Баарыбыз позитивдүү болуп оору менен күрөшүүбүз керек. Эч кимге эртең оору жукпайт деген кепилдик жок. Бирок бул вакцина ага каршы турарын жана акырындык менен адамдар эмдөө алып өз ден — соолугуна кам көрөт деген ишеничтемин.
Нурзат Момуналиева