Бүткүл дүйнөлүк радионун күнү 2012-жылдан бери эле белгиленип келе жаткан майрам. 2011-жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясында бул күндү “Бүткүл дүйнөлүк радио күнү” деп, жыл сайын 13-февралда дүйнө жүзү боюнча белгиленип келе жатат.
1946-жылы 13-февралда “БУУнун радиосу” эфирге чыккан. Радионун станциясы болсо БУУ нун штаб квартирасында жайгашкан. Азыркы учурда да радио дүйнө жүзүндөгү аудиториясы эң көп байланыш каражаты катары болуп келе жатат.
Суусамыр айылында дагы 2011-жылдан бери Суусамыр жааматтык радиосу иштеп келе жатат. Он жылдык убакыттан бери көптөгөн жаштар, ыктыярчылар журналистиканын негиздерин үйрөнүшүп, кызмат кылып келе жатышат.
Суусамыр жааматтык радиосунун ыктыярчысы Суусамыр айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова радионун жетишкендиктери туурасында ой бөлүштү.
-Суусамыр фм радиосунун айыл эли үчүн канчалык деңгээлде мааниси бар?
Айылда радионун иштеп турушу өтө керектүү нерсе деп ойлойм. Айыл эли үчүн чоң жаңылык болгон. Канчалаган жаштар ушул радио аркылуу өздөрүн өнүктүрүп, журналистикага кызыгуулары артып, ушул багытта кесипке умтулуп жатышат. Аларга дагы чоң стимул болуп жатат. Элет жериндеги эл үчүн радионун мааниси өтө эле чоӊ.
-Радиодон элдер кандай пайда ала алышат деп ойлойсуз?
-Радио уктуруулар аркылуу элдер өздөрүнө жакшы нерселерди ала алат деп ойлойм. Мисалы, пандемия убагында элдерге маалыматтар жеткиликтүү болуп жатты. Ковид 19дун өлкөдөгү статистикалык маалыматтары ар күн сайын берилип жатты. Медиа сабаттулук тууралуу дагы радионун жамааты элге семинар тренингдерди уюштуруп келишет. Андан тышкары дагы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүктөрүн радио аркылуу угуп турушат. Жергиликтүү болуп жаткан жаңылыктар, кулактандыруулар радидон берилип турат. Радиодон биздин айылдагы жергиликтүү акындарыбыздын ырлары дагы окулуп келет. Андан тышкары ден соолукка керектүү маалыматтар дагы айтылат. Мен өзүмдүн ден соолукка керектүү маалыматтарымды элдер угуп, жакшы пикирлерин айтып келишет.
-Суусамыр радиосу элдин ишеничине кире алдыбы?
-Ооба элдин радиого болгон ишеними жакшы деп ойлойм. Анткени радиодон угуп жаткан жаңылыктар, уктуруулар ишеничтүү булактардан алынган маалыматтар болсо керек. Анткени азыр интернетте көптөгөн сайттар бар. Алардын бардыгына эле ишене бербейсиң. Ар кандай жаңылыктар, маалыматтар чыгат эмеспи. Айыл эли үчүн радионун чоң эле мааниси бар. Айыл ичинде ар кандай кулактандырууларды радиодон угуп келебиз.
-Мындан аркы радионун өнүгүшү үчүн кандай өзгөрүүлөр болсо деп ойлойсуз?
-Бул боюнча мен дагы ыктыярчы катары радионун өнүгүшүн каалайт элем. Радионун өнүгүшү үчүн жаштардын салымы күчтүү болушу керек деп ойлойм. Радионун жааматы менен көптөгөн жаңы пландар түзүлгөн. Эми ушул пландарды ишке ашырышыбыз керек. Буга чейин пандемия шарты болуп калгандыгына байланыштуу иштер токтоп калган.Эми баарыбыз биргеликте иш алып барсак болот. Мен элди дагы кайдыгер карабай өздөрүнүн салымдарын кошсо деп эсептейм. Радионун ишинин алга жылышы үчүн бардыгыбыз биргеликте аракет кылабыз. Радионун мындан ары дагы өсүп өнүгүшүн чын жүрөгүмдөн каалайт элем. Майрамыӊыздар менен!
Суусамыр радиосунун ишмердүүлүгүнө айыл тургундары дагы жакшы пикирлерин айтып келишет. Элет жеринде радионун жаӊырышы чоӊ жетишкендик экендигин баса белгилеп кетишти.
Радио күнү: Токойду сактоонун маанилүүлүгү
Азиза Тамчиева