Кыйрап калган көпүрө, ооруканадагы дарыгерлердин жетишсиздиги, мектептердеги материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери Жогорку Кеңештин депутаты менен болгон баарлашуу учурунда айтылган маселелелер болду. Суусамыр айылына Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев келип эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Суусамыр айылдык маданият үйүндө болуп өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев жолугушууда айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышты. Жолугушууда жол, медицина тармагындагы көйгөйлөр, билим берүү, жайыт, үрөн маселеси, көпүрөлөрдүн салынышы, бүтпөгөн курулуштар туурасында көйгөйлөр каралды. Айыл тургундары кызыктырган суроолоруна жоопторун алышты. Андан тышкары депутат Суусамыр FM радиосунун эфиринде маек куруп, кошумча суроолорго жооп берди.
—Суусамыр өрөөнүнө бүгүнкү келген максатыңыз?
— Бүгүнкү негизги максатым Суусамыр элинин көйгөйүн угуп берилген суроо талаптарына жооп берүү болду. Чечилбей калган суроолор болсо кагаз түрүндө жооп беребиз.
— Дагы кайсы аймактарга бардыңыздар?
— Биз сапарыбызды Панфилов районунун Кайынды шаары, андан кийин Курама айыл өкмөтүнөн баштадык. Экинчи күнү Карабалта шаарынын мэриясында суу тарифи боюнча коомдук талкуу болуп жатыптыр, ал жакка дагы катышып келдик. Бүгүнкү сапарыбыз болсо Суусамыр айыл өкмөтүндө болду.
— Бүгүнкү жыйында кандай маселелер көтөрүлдү?
— Бул жыйында ар кайсы маселелер көтөрүлдү. Бул жыйында Суусамырда курулуп жаткан маданият үйү туурасында дагы суроо жаралды. Ал туурасында айта кетсем, бир жума мурун мен чогулушта ушул маселени көтөрдүм эле. Ошол убакта ал жерде тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин орун басарларына ушул курулуп жаткан маданият үйүнүн курулушу боюнча суроолор берилген. Алар быйылкы жылга акча каралып, бүтүргөнгө аракет жасайбыз деди. Андан тышкары мектептер, спорт залдар, оңдоло турган көпүрөлөр, медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги, тиш доктурлардын жайлоолорду кыдыруусу туурасында маселелер көтөрүлдү.
-Айыл жерин көтөрүү боюнча өзүңүздүн программаңызда кандай максаттар коюлган?
Эң негизги айылдарды аймактарды көтөрүү максаты коюлган. Ал үчүн айылдарда инфраструктураны өнүктүрүү керек. Айылдарда тигүүчү цехтерди, маданият үйлөрүн, спорт залдарды куруп беришибиз керек. Айылдарга керектүү адистердин жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Жаштарга керектүү ар кандай курстарды ачсак болот.
-Биздин айылда жол маселеси аябай курч маселе. Ушул Суусамыр- Арал жолунун оңдолушу Жогорку Кеңеште каралабы?
-Ооба, мен бүгүн эле угуп жатам, баргандан кийин бул маселени көтөрүп тиешелүү жерлерге кайрылып, сүйлөшөм.
— Элге кандай кайрылууңуз бар?
-Мени эл шайлагандыктан элге кызмат кылышым керек деп ойлойм. Бүгүнкү коюлган көйгөйлүү маселелерди жазып алдым чечкенге аракет кылам.
Азиза Тамчиева