24 -март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Суусамыр айылында калк арасында жана мектептерде ар кандай иш- чаралар болуп өттү.
Иш чаралардын жүрүшү
Бул туурасында Суусамыр айылдык ооруканасынын врач терапевти Дилдекан Кулукеева маалымат берди:
Солдо: Дилдекан Кулукеева-дарыгер
«Кургак учук бул-жугуштуу оорулардын бирине кирет. Жугуштуу оору болгондуктан каршы күрөшүүдө мектептерде лекциялар окулуп, семинарлар сабактар өтүлүп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Медицина кызматкерлерине дагы семинар сабактарды өтүп бердим. Сабактын ичинде кургак учук деген эмне, жугуу жолдорун, кургак учук оорусунун белгилери жөнүндө жана кандай дарылануу боюнча кенен маалымат берип кеттим. Ушундай эле семинар сабактар мектеп окуучуларына жана мугалимдер арасында да өтүлдү. Андан тышкары, айылдык ден соолук комитети менен биргеликте мектептерде ар кандай акциялар, конкурстар өткөрүлдү. Айылдык ден соолук комитети тарабынан каражат берилип, белектер алынган. Алар жакшы жооп берген жана активдүү катышкан окуучуларга берилди. Эң негизги биздин иш- чарадагы жетишкендигибиз бул айылыбызда кургак учук оорусу тууралуу таанып билүү»,- дейт дарыгер.
Айылдык ден-соолук комитети дагы кургак учуктун алдын-алуу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүштү. Эң негизгиси мектептерде окуучулар арасында акция уюштургандыгы тууралуу айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова:
АДК жетекчиси Нурзат Райымбекова
«Биз мектептеги окуучулар арасында акция кылдык. Плакаттар тартылып, дарыгер тарабынан даярдалган суроолорго окуучулар жооп беришти. АДК тарабынан белектерди даярдап, окуучуларга бердик. Алар канцелярдык буюмдар болчу: калем сап, дептерлер ж.б. Суроолор кургак учуктун белгилери, жугуу жолдору, алдын-алуу жолдору сыяктуу берилди. Окуучулар бардыгы туура жооп берип жатышты, активдүү катышышты. Эң жакшы деп тандалган плакатты алып кетип айылдык ден-соолук комитетинин бөлмөсүнө илип алдык»,- деп маалымат берди.
Азиза Тамчиева