Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу менен катталгандар жок. Суусамыр айылдык ооруканасында абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Бурулкан Турдубекова билдирди:
“COVID-19 вирусу Суусамыр айыл аймагында катталган жок. Бирок өлкөбүздө абал курчуп жатат. Ошондуктан калкты, адам көп топтолгон жерлерге көп барбоого чакырам. Бир жолу колдонулуучу беткаптарды, антисептикалык каражаттарды колдонушунуздар абзел.
Ата-энелер кичинекей балдарды тазалыка үйрөтүп, сак болушуңуздар керек.
Оорунун жөнөкөй белгилери башталса (алсыроо, жөтөлүү, чүчкүрүү, баш оору) кайдыгер карабастан дароо ооруканага кайрылгыла. Суусамыр айылдык ооруканасында абал курчуп кетсе дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү”.
Ал эми Суусамыр орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гулмира Абдылдабекова мектепте вирустан коргонуу чаралары көрүлүп жаткандыгын айтат:
“Мектепте окуучуларга вирустан коргонуу, тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кол жууганга мектепке таза суу киргизилип, окуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилген. Ар бир класста антисептикалык каражаттар коюлган, окуучулар аралыкты сактап, бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынып сабак өтүшөт. Класстарды бат-баттан желдетип вирустан коргонуу чараларын көрүп жатабыз”.
Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Исланбек Чупоев жергиликтүү тургундар вируска каршы коргонуу эрежелерин сактабагандыгын айтат:
“Азыркы учурда Суусамыр айыл аймагында абал туруктуу болгондугуна байланыштуу, эл вирустан коргонуу чараларын көргөн жок. Азыркы учурда эл талаага барып, эгин айдап биргеликте өздөрүнүн жумуштары менен алек. Эл аралыкты сактап, беткап тагынган адамдар жокко эсе. Абал оорлоп вирус кайрадан жайылуу коркунучу болсо, калк дүрбөлөңгө алдырбай оорудан коргонуу чараларын көрөт деген ишеничтемин”.
Айдана Токтобекова