Азыркы учурда ден- соолук үчүн эмне керек. COVID- 19 жайылуусун алдын алуу үчүн балдарды коргоо өзгөчө маанилүү.
Кучуева Таалайбүбү Жал айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси-
«Биздин Жал айылдагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Орок, Сарбан, Кашка- Баш, Селекция, Калтар айылдары карайт. СОVID-19 боюнча айылда туруктуу абал, бирок бирден же экиден кайрылган жарандарыбыз болууда. Балдардын арасында жок. Ооругандар Фучиктеги кызыл аймак болгон жана Республикалык ошондой эле жугуштуу оорулар ооруканасына жатып сакайып чыгууда. Айыл тургундарыбызга өз учурунда дарыгерлерге кайрылуусун эскертүүдөбүз. COVID-19 каршы вакцина келген. 65-жашка чейинки вакцинаны биз чогуу иштешендер алдык зыяны жок. Спутник аттуу вакцинаны 65-жаштан ойдо жазалат, элдерибизге ал вакцинаны да алуулары боюнча иш жүргүзүүдөбүз. Кайрылган бейтаптарыбыздын арасында кээбирлерин Сокулукка да жиберген учурларыбыз бар. Мындан тышкаары ангемелешүү, атайын баракчаларды таратуу иштерин да жүргүзүүдөбүз. Дарыгер катары айыл тургундарына, эл көп болгон жерлерде бет кап кийүүлөрүн, колду тазаа жууп, бири-бирибиз ден- соолукта болуу үчүн дарыгерлердин айткан кеп- кеңештерине кош көңүл мамиле жазабашса демекчимин. Айыл тургундарына бекем ден- соолук, тынчтык каалайм.»-деп айтып кетти.
Брагин Сергей Жал айылындагы мектептеги «Биатлон» ийриминин жетекчиси-
«Мен Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында «Биатлон» боюнча тренер болуп эмгектенем. Бул айылга келип кетип иштейм, айылдагы абал кандай экенине биздин мектеп 26-апрелден 10-майга чейин Сокулук райондук Санитардык эпидемиалогиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан окуучулардын ден- соолугунун чын болушуна алдын алуу чараларды көрүү үчүн карантинге жабылгандыгы тууралуу айтсам болот. COVID-19 окуучулардын билим алуусуна кескин таасирин тийгизди. Тренердик жумушумда окуучулар таза абада болсо да. Балдар менен иш алып барууда өтө кылдат болууга өзүмө максат койгом. Менин оюмча бул дагы бир COVID-ге каршы иш чара, себеби азыркы учурда вирус көп кездешип жаткандыгын угуп жатабыз. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму тарабынан атайын иштелип чыккан эрежелерди сактоо ирээтинде бет кап, кол кап, дезинфекциялоо иштерин өз убагында сактап,колду жууп туруу, аралыкты сактоо өтө маанилүү жана зарыл экендигин эсибизден чыгарбоо керек. Муну менен бири-бирибиздин ден соолугубузга кам көрүү болот. Ошондой эле зарыл болгон чаралардын бири болгон вакцинаны 3- жума мурун алгам. Кечээ экинчи вакцинасын алдым, өзумду жакшы сезүүдөмүн.»- деди ал.
Абдылдаева Бермет Жал айылынын тургуну-
«Менин оюмча, көпчүлүк эл COVID-19га анча маани бербей жатат. Кесибим боюнча дарыгермин, буга маани берүү менен мамиле кылыш керек. Мектепке, бала-бакчага да балдарым барат. Балдарды оюн-зоок борборлоруна ата-энелер алып баруулары кездешип жатат. Жакында кичүү балам ооруп калып, шаарга ооруканага алып барсам, көпчүлүк ата-энелер кичинекей балдарын тамагы ооруп жатканы боюнча дарыгерлерге кайрылганына күбө болдум. Ошондуктан балдарды көпчүлүктүн арасында эмес, эл аз болгон жерде тазаа абада жүргөндөрүнө көңүл бурсак. Жал айылынын абасы тазаа айыл ичи кенен, балдарыбызга тазалыкты туура сактоо боюнча түшүндүруп кам көрсөк деген оюм. Ал эми айыл ичинде COVID боюнча тынч абал деп ойлойм. Дарыгер катары айланадагы жакындарыбызды жана өзүбүздү коргой ала турган биздин колубуздан келген иштерди так аткарууга чакырмакчымын. Алар Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан атайын иштелип чыккан талаптар: транспортто, эл көп болгон жерлерде бет кап, кол кап кийүү, колдуу бат-бат жууп туруу, бет капты туура кийүү жана туура чечкенди билуу зарыл. Ошондой эле эле көп болгон жерде аралыкты сактап, туура түшүнүү менен өзүбүздүн, жакындарыбыздын, балдарыбыздын ден- соолугуна кам көрөлү»- деди.
Ууржан Молдокулов