Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгу орчундуу маселелердин бири — жол боюндагы ачык кудуктардын көп экени.
Бул ачык кудуктар айыл тургундарынын суу алуусуна кыйынчылык жаратууда. Андан тышкары жашоочулардын кудукка түшүп кетүү коркунучу да бар.
Айыл тургуну Оогулкан Сагыналиева көйгөй жараткан ачык кудуктар боюнча өз ою менен бөлүштү:
“Бизде айылда суу чыгуучу түтүктөр иштебегендиктен ачык кудуктар көп. Ошондуктан биз суу алууда абдан кыйналабыз. Кичинекей балдар да түшүп кеткен учурлар болгон. Ушул маселе боюнча биз айыл өкмөтүнө кайрылганбыз,чечип берип койсо жакшы болот эле.”
Ал эми айылдагы суу чыгуучу түтүктөр 2004-жылы курулган. Бирок сапатсыз курулган бул кудуктардын азыркы күндөгү абалы начар абалда.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев бул маселе туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:
“Биз чечүү жолунда айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын караганбыз. Бирок толук оңдоп-түзөөгө биздин кудурет жетпейт. Ошондуктан азыркы күндө биз “Ас-сафа” чет элдик араб инвестициясын тартып, алар менен 1,5 млн сомго келишим түзүүдөбүз. Кудай буйруп, ишке ашып калса Суусамырдагы 30 суу чыгаруучу түтүктөр толук капиталдык оңдоодон өтөт. Андан тышкары Суусамыр айылындагы чоң суу топтогучка 300 м жаңы суу түтүктөрү тартылып келинет. Бизге буга чейин айыл тургундары кайрылышкан эмес. Тескерисинче айыл тургундары ар бир айда киши башына төлөнө турган суунун акчасын төлөшпөйт. Ушундан улам бизде ачык кудуктарды оңдоого каражат жетишпейт.”
Айыл тургундары ай сайын киши башына он сомдон акы төлөп турушса, бузулган кудуктар убагы менен оңдолуп турат беле деген ойлорун айтышат жашоочулар.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова
Жайкы мектепке сынак үчүн