Бүгүнкү күндө Талас шаарында унаа жуучу жайлар ачыла баштады. Бул чыгарылышта ушул жайлар жөнүндө сөз кылабыз.
Талас шаарында 20дан ашуун унаа жуучу жай бар. Кээ бири бир эле кызмат көрсөтсө, айрымдары бир нече кызматтарды аткарышат. Шаар тургундары кайсы унаа жуучу жайга барышат жана тейлеген кызматкерлер канаттандырабы, ушул жана башка көрсөтүлүүчү кызматтары тууралуу кененирээк маалыматты «Эшим ата» унаа жуучу жайдын жетекчиси Илгиз мырза берди.


— Эшим ата унаа жуучу жайы 2014-жылдан баштап ишке кирген. Унааларды, килемдерди жана паластарды тазалайт жана химиялык тазалоо жасайт. Шарттары абдан жакшы. Кардаарлар үчүн Wi-fi жана сыналгы бар.

«Чаткал ата» унаа жуучу жайдын жетекчиси Талантбек мырзанын айтымында, бул жер 2009-жылы ишке кирген. «Унааларды таза жууйт, автосервис кызматы авто унаалардын бузулуп калган жерлерин оңдойт, авто унааларды сатыкка даярдаган кызматтарды аткарат», — деди ал.

«Чаткал ата» унаа жуучу жайдын жетекчиси Таланбек мырза.
Унаа жуучу жайлардын кызматкерлери бир күндө 10-15 машинаны жууп тазалаганга жетишет.
Ал эми «Эшим ата» унаа жуучу жайдын кызматкерлеринин айтымында, бул жерге унаалар көп келет. «Себеби унаа жуучу жайдын экинчи кабатында тез тамактануучу жай бар. Түштөнүүгө келген кардарлар унааларын таштап, тамактанып чыкканга эң ынгайлуу», — деп айтып өттү ал.

Мындан сырткары ар бир кардарга жеңилдетүүлөр каралган.
«Чаткал ата» жана «Эшим ата» унаа жуучу жайлардын жумуш убактысы эртең мененки саат 09:00дөн 22:00гө чейин иштейт. Кардаарлар тейлөөсү канаттандырат деп билдиришти.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы