Суусамыр айыл аймагында 2021-жылы жалпы ковид-19 вирусуна чалдыккандардын саны 448 адамды түзөт. Акыркы эки айда бейтаптардын саны азайды. Учурда ооруканада эпидемиялогиялык абал туруктуу.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык оорукананын үй-бүлөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева билдирди:
Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын саны азайды…
Жалпы 2021-жылы вируска чалдыккандардын саны 448 адамды түздү. Акыркы эки айда ковид-19 илдетине чалдыккан 1, 2 бейтаптар гана кайрылып жатышты. Учурда Суусамыр айылдык оорукананыгн абалы канааттандырарлык. Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын саны мурдагыга салыштырмалуу төмөндөдү.
Ноябрь, декабрь айларында ооруган жаш балдардын саны көп катталды…
Ноябрь, декабрь айларында абанын суукаташына байланыштуу жаш балдар көп оорушту. Сасык тумоого кабылган балдар Суусамыр айылдык ооруканада дарыланып жатышты. Жалпылап айтканда ковид-19 вирусуна чалдыккан жаш балдар катталган жок.
335 адам ковидке каршы вакцина алды…
Вакцина алынып келгенде элдин кабыл алышы өтө жай болду. Анкени эмдөө боюнча элде туура эмес маалыматтарга ишенүүлөр көп болгон. Биз колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Учурда эл вакциананы тууралуу, туура түшүнүп өз калоолору менен алып жатышат. Суусамыр айыл аймагында жалпы 335 адам эмдөөдөн өттү. Бирок айыл тургундары Бишкектен, Кара-Балтадан жана башка жерлерден вакциана алган тургундар дагы бар. Азыркы учурда эмдөө уланып жатат.
Ковид-19 күчөгөн маалды медицина кызматкелер тынымсыз иштешти…
Вирус башталганда баардык жараандар үчүн күтүлбөстүк кыйынчылык болду. Бул жылы вируска экинчи жолу чалдыккандар дагы катталды. Бирок мурдагы жылга салыштырмалуу көп кыйынчылык жаралган жок. Ооруканада дары дармектер жетиштүү эле болду.
Эскерте кетсек Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекованын айтымында абал оорлоп баштагандан тарта, элден дары дармек жактан, ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн.
Айдана Токтобекова