Кожомкул айылынын тургуну Айгүл Бектурсунова эки жылдан бери заманбап жууркан, жер төшөктөрүн жасап чакан ишмердүүлүк менен алектенип келет. Айгүл кардар табууда айыл менен гана чектелбестен интернет булактарынан дагы буйрутмаларды алып, Бишкек шаарына дагы сатат.
Айгүл Бектурсунова бул ишти кошунасы менен баштаган. Алар үйдө отуруп жууркан, жер төшөк, жаздыкча, кичинекей балдарга матрас төшөктөрдү жана сеп буйрутма алышат. Кээде буйрутмалар көп өлчөмдө келип калса жетишпей жатканын айтып алдыда бул ишкердикти кеңейтүүнү максат кылат:
“Түшкөн каражат биздин мээнетибизди актайт, өзүбүзгө жетет. Биз бул ишти баштоодо дагы коркуп, балким болбой калсачы деген ойлор дагы келген. Бирок үй бүлөмдүн колдоосу, өз иш-аракетим менен учурдагы ийгиликти багындырдык десем болот. Мен алдыда бул чакан ишимди кеңейтип, ошол жумушка муктаж болон айымдарды жумуш менен камсыз кылсам деп көздөп келем. Себеби Кожомкул айылы шаар жергесинен алыс жайгашкандыктан бизде жумушсуздук өтө курч.”
Айгүл Бектурсунова
Учурда Айгүл беш баланын энеси, анын айтымында адамдын колунан бардыгы келет, болгону өзүбүзгө ишенүүбүз керек.
Айгүлдүн кардарлары бул иштин башталышы жергиликтүү элге пайдасын тийгизүүдө деп эсептейт. Себеби ар ким эле жууркан тигип, төшөк каптай албайт. Кардарлардын бири Майраш Жангазиева:
“Биз айыл жергеси болгондуктан бизге жууркан, төшөктү алуу үчүн шаарга базарга барууга туура келчи, эми өзүбүздүн келиндерибиз колго өздөрү каптап, аракет кылып жатканы кишини сүйүндүрөт. Кээ бир адамдар айтышы мүкүн эми ошол төшөктү өзү эле каптап албайбы деп. Бирок мен айтат элем кээ бир адам ден соолугуна байланыштуу жасай албаса кээ бири колу такыр бошобойт. Себеби айыл тургундары мал менен оокат кылат ошол себептер менен кээ бир адамдардын төшөк жасоого такыр колу бошобой калышы мүмкүн. Мисалы, жолдошум экөөбүз мал менен оокат кылып келебиз. Жолдошум экөөбүз мал менен алектенип , кээде үй каралбай калган учурлар дагы болуп калат. Жакында эле мен дагы Айгүлдөн балдарга деп жууркандарынан алып бердим. Бул өтө ыңгайлуу болот экен.”
Нурзат Райымбекова
Суусамыр айылында “Айыл аймактык аялдарды колдоо уюму” ишеп келет, дал ушул уюмдун төрайымы Нурзат Райымбекова менен маек курдук.
“Айылда жардам сурап кайрылган жаш ишкерлер бар. Алар бизге кандайдыр бир ишти баштоодо жардам сурап карылса, биз ал маселени ортого салып кеңешебиз. Жана ал ишкерге мындан ары кандай жолдор менен жардам берсек болот, ошол жагын карайбыз. Бизге азыркы учурда тигүү цехи боюнча сунуш эки айымдан келип тушкөн. Азыр ошол иш боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз ал айымдарга чет мамлекеттен спонсорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар ошол цехке тигүүчү машиналарын алып беребиз дешти,имаратын болсо таап бергенбиз.
Мындан тышкары биз майрам учурларында дагы көптөгөн турнирлерди уюштуруп, айылдык айымдарга ар кайсы тармак жактан колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз.”
Айтурган Кушкарбекова