Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Урмат Алыпсатаров Суусамыр радиосунда конокто болуп, эл арасында көйгөй жаратып жаткан Кара- Булак алтын кени туурасында маалымат берди. Ал, 9-июнь күнү Кара- Булак алтын кени чыккан жеринде чогулуш уюштурулганын, жыйынга Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкандыгын айтты.
Чогулушка атайын акимге жолугуу үчүн Суусамыр айылынын тургундары да келген. Алар Кара- Булак алтын кенинин кесепетинен суу булганып, мал жандыктары өлүп жаткандыктарын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.
Жыйынга Жайыл райондук акимден тышкары, экотехинспекциянын жетекчиси Манас Карабаев, Вознесеновка айыл өкмөтү жана жайыт комитети, аталган алтын кенин иштетип жаткан “Элко-сервис Лимитед” компаниясынын аткаруучу директору жана Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары катышкан.
Соңунда Жайыл райондук аким тарабынан мал жандыктары өлүп, зыян тарткан айыл тургундарына атайын комиссия түзүлүп иш алып барсын деген чечим чыккан.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы