Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкол айылына жаңы арык каналы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул жаңы арык каналына Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20000 сом акча каражаты бөлүнүп, ишке ашырылууда.
Жаңы арык каналына цемонт бетон куюшуп, канал кылышууда. Бул каналды жашоочулар өздөрү эле курушуп, кызмат акысына ун, май жана башка продукталарды алышууда. Жашоочулардан 18 адам иштеп, ремонт иштерин жүргүзүп жатышат.
Шаңкол айылынын тургуну Акназар Алтыбаевдин айтымында, «Бул каналдын ремонттон өткөрүлүшү бизге жакшы жаңылык болду. Анткени, бизге суу өтпөй, жетпей калган болчу. Кеңеш айыл өкмөтүнүн адистерине рахмат, ремонт иштерин жүргүзүп бергендиги үчүн,»- деп сөзүн толуктады Алтыбаев.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкол айылынын айыл башчысы Абдыкадыр Жамгырчиевдин айтымында:
«Жаңы арык каналыбыздын капиталдык ремонттон өтүшүн биз көптөн бери көздөп
жүргөнбүз, акыры ишке ашырдык деп айтсам болот. Жашоочулар 100 гектарга жакын жерде суу ичишет каналыбыздан, жашоочулардын үлүш жерлери бар, фонддун жерлери бар, үй тамаркалары бар ошол үчүн 12 метр жерге латок фундамент куюлууда бардыгына ыраазычылык билдирем,»- деп сөзүн жыйынтыктады Жамгырчиев.