Республикада кайрадан COVID-19 илдети күч алып жатат. Учурда Суусамыр айыл аймактагында медициналык мекемелердин абалы туруктуу.
Айдана Жээнбек кызы Суусамыр айыл аймагынын 1-май айылдык ФАПтын абалы тууралуу айтты:
Суусамыр айыл аймагынын 1-май айылдык ФАПтын мед айымы Айдана Жээнбек кызы
“Өлкөбүздө вирус кайрадан күч алып жатат. Учурда 1-май айылында 2 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бирөө үйүндө карантинге алынды, экинчиси райондук ооруканада дарыланууда. Абалдары күндөн күнгө жакшырып жатат. Эгерде COVID-19 илдети адамдардан көп катталса, ФАПка стационардык бөлмө ачылышы мүмкүн.
Азыркы учурда жаш балдар сасык тумоо менен көп кайрылып жатышат. Тез жардам унаасы жок болгондуктан, чакыруулар болсо жөө барып текшерип келебиз. 1-май айылдык ФАПта дары-дармектер жетиштүү”.
Суусамыр айыл аймагынын 153 чакырымында жайгашкан, жол кырсыгын көзөмөлдөөчү тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Турган Бектуров, мед кызматкерлердин иш ордунда вируска чалдыгуу тобокели чоң экендигин төмөндө айтат:
“COVID-19 илдети биринчилерден мед кызматкерлерге жугуу коркунучу чоң. Жол кырсыгын көзөмөлдөөчү тез жардам бөлүмүнүн 8ге жакын мед кызматкерлери иш ордунда вирус жуктурушкан. Азыр абалдары жакшы. Биз жол кырсыгын көзөмөлдөө бөлүмү болгондуктан, кызыл зона ачканга уруксат жок. Бирок былтыр COVID-19 илдети көп болгондуктан стационар ачылган. Болгон санитардык эрежелерди сактап, иш алып бардык. Азыркы убакта вируска чалдыккан адамдар кайрылса айылдык ооруканага жеткизилет. Ал жактан анализ тапшырып, дарыланууга мүмкүнчүлүк болот”.
Анара Калысбекова вирус кайрадан жайылса Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылдык ФАПтын даярдыгы канааттандырарлык экендигин билдирди:
Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылдык ФАПтын мед айымы Анара Калысбекова
“Өлкөдө 4-толкун болот деген божомолдор айтылууда. Вируска каршы санитардык эрежелерди сактасак бул кырдаалдан бат эле өтөбүз деген ишеничтемин. Эгерде адам COVID-19 илдетине чалдыгып кайрылса биздин ФАПтан эле дарыланат. Эгер вирустун оор түрү болсо райондук ооруканага которулат. Мындан тышкары, айыл тургундары вируска каршы вакцинаны Суусамыр айылдык ооруканадан гана ала алышат. Тунук айылдык ФАПта дары-дармектер жетиштүү. Көмүр түшүрүлүп жылуулук берилген”.
Эскерте кетсек, акыркы сутка ичинде республика боюнча вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган адамдардын саны 49. Ал эми суткада COVID-19 вирусуна чалдыккандар 130 жаранды түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министирлиги билдирген.
Айдана Токтобекова