Суусамыр орто мектеби 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнѳ карата чакан концерт коюшту. Бул концертке мектеп окуучу кыздары катышып бийлеп, ырдап, каалоо- тилектерди айтып, агайларды, окуучу балдарды куттукташты. Ошондой эле ар кандай оюндар уюштурулуп бардыгынын маанайын кѳтѳрүштү.
Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира концерт тууралуу мындай деди:
Бүгүнкү 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнѳ карата коюлган салтанаттуу тизимге бир жума мурун дайынданып баштаганбыз. Кыздарды 5- класстан 11- класска чейин алгам, бардыгы 22 кыз болду. Концерттик программаны түзүп, ар бир кызга пилотка жана галстук тиктирдик. Бийге -ырга шыктуу кыздар ырдап, бийлеп беришти. Ошондой эле оюндар да уюштурулду.
Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Азизбеков Элдияр да ѳз оюн айтып кетти:
Концерт жогорку деӊгээлде ѳттү. Мурдакыларга салыштырмалуу даярдык абдан жакшы экен. Кыздарга дагы чоӊ ыраазычылыкты билдиребиз.
Суусамыр орто мектебинин мугалими Абдылдаев Улукбек маанайы эӊ жакшы болуп ыраазычылыгын билдирди:
Салтанаттуу тизим, окуучу кыздардын катышуусу да абдан жакшы болду. Оюндар уюштурулуптур, күтүлбѳгѳн жерден мен да ал оюндарга катышып калдым, абдан маанайымды кѳтѳрүштү. Жакшы дэӊгээлде болду десем жаӊылышпайм.
Суусамыр орто мектебинин 10-классынын окуучусу Уланбекова Айпери ѳз оюу менен бѳлүштү:
«Бүгүнкү маанай абдан сонун. Кѳп деген окуучулар абдан таланттуу экен. Алардын бирин баса белгилей кетсем, Индусбекова Аймээри абдан жакшы алып барды. Ушунун баарын уюштурган Абдылдабекова Гульмира эжеге да чоӊ рахмат. Ошондой эле жалпы 11-классынын окуучу кыздарына ыраазычылыгымды билдирет элем.
Белгилей кетчү нерсе, мектеп окуучу кыздар ар бир агайга ѳз белектерин берип, каалоо тилектерин айтышып, агайларды кубандырышты.
Даярдаган: Айтеӊир Индусбекова