Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты жигит- 2019» сынагы болуп өттү.
Сынакка 11-классынан Толубаев Бекжан, 10-классынан Сыймык Бороон уулу, 9-класстан Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу катышышты.
Концерттик программа:
1) Саламдашуу.
2) Өзүн өзү тааныштыруу.
3) Хоббиси.
4) Жоокер ыры.
5) Таяк тартышуу.
Калыстардын чечими менен 1-орунда Бекжан Толубаев, 2-орунда Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу, 3-орунда Сыймык Бороон уулу болушту, жигиттер өздөрүнүн мыктылыгын, тайманбастыгын көрсөтүшүп, мактоо баракчаларын алышты.
Сынактын катышуучусу Ажибек Абдиалым уулунун айтымында: «Мыкты жигит эң жакшы деңгээлде өттү, катуу даярдандык атаандаштар менен эч кандай талашып-тартышуу болбоду, конкурс мага аябай жакты», -деп билдирди Абдиалым уулу.
Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында :»23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Балдар берген тапшырмаларга туура жана так аткарышыптыр, Кыргызстандагы бардык мырзалардын майрамы менен куттуктайм»,- деп сөзүн толуктады.
Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек