Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан КР «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана окуучуларды англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында 2019-жылдын 11-февралынан 22-февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында «Англис тилинен он күндүк» буйругу жарыяланып, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында ар кандай конкурстар, көргөзмөлөр, тренинг, кечелер, линейкалар өткөзүлдү.
Бул иш-чараны аталган мектептин чет тили сабагынан берген мугалимдери өткөзүштү. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин чет-тили усулдук бирикмесинин жетекчиси Мурзакулова Анара «Бул 10 күндүк декаданын жүрүшүндө англис тилинде эркин сүйлөө жана таза, сулуу жазуу боюнча конкурстар, «Акыл Ордо» интеллектуалдык оюну, окуучулар менен биргеликте долбоорлор, «Британия балдардын элестетүүсүндө» аттуу көргөзмө, поэзия кечеси жана ошондой эле 5-11 класстын окуучулары үчүн «Англис тили – эл аралык баарлашуунун тили» аттуу ачык сабактар өткөзүлдү.







Жыйынтыгында, активдүү окуучулар жана конкурстун жеңүүчүлөрү китептер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышып, чакан концерт тартууланды. Бул иш-чаранын максатына жеттик деп ойлойм», -деди.



Бул боюнча мектеп директору Үрүстөм Күсөрмамбетов төмөндөгүдөй ой бөлүштү: «Тил билсең дил билесиң дегендей, англис тили-дүйнөлүк тил. Билип алсаң кор болбойсуң. Биздин мектептеги жалпы англис тилчи мугалимдерге ыраазычылык айтышыбыз керек. Анткени, келечек муундун өкүлдөрүнө англис тилин үйрөтүүдө жана эркин сүйлөөсүнө зор салым кошуп жатышат. Мындай декадаларды дагы көп жолу жана жогорку деңгээлде өткөрүшөөрүнө ишенем»,-деди ал.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан