Суусамыр айылынын Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, Бишкек–Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Алдын ала маалымат боюнча, кар көчкүнүн бийиктиги болжол менен 2 метрге жеткен.

Кар көчкүнүн кесепетинен ашууда тыгын жаралып, алыскы жолго чыккан айдоочуларга кыйынчылыктар жаралган. Окуя болгон жерге тиешелүү жол кызматкерлери ыкчам жетип барып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Жыйынтыгында жол кыймылы кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилип, учурда унаалар тоскоолдуксуз каттоодо.
Белгилей кетсек, Төө-Ашуу ашуусу өлкөдөгү эң маанилүү стратегиялык жол тилкелеринин бири болуп саналат
Даярдаган: Айдай Сагынбаева