Суусамырдын Кызыл-Ой айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнинин автору Шабданбек Кулуевдин жаркын элесине арналган волейбол таймашы болуп өттү. Волейболго беш мектептин мугалимдер жамааты жана балдар, кыздар командасы катышты.
Оюндун жүрүшү тууралуу Түркмөн орто мектебинин мүдүрү Мирлан Чынарбек уулу айтып берди:
«Бул оюн Гимндин автору Шабданбек Кулуевдин жаркын элесине карата уюштурулду. Оюн беш мектеп ичиндеги мугалимдер жамааты, анын ичинде аялзаты арасында жана кыздар, балдар арасында болду. Сунуш эки тараптан тең болсо, ал эми финансылык жактан Шабданбек агайдын улуу камсыздап берди. Уюштуруу, өткөрүү иштер биздин жамааттын эмгеги.»
Мугалимдер жамааты.
Байгелери тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:
«Байгелери тууралуу айта кетсек, эжелер арасында болгон оюндун биринчи орунунун байгеси 5000 сом, экинчи орунга 3000 сом, үчүнчү орунга 2000 сом, ал эми төртүнчү, бешинчи орунга 1000 сомдон кызыктыруучу байгелер болду. Андан тышкары биринчи, экинчи, үчүнчү орунга атайын медалдар жана тиешелүү түрдөгү грамоталар жазылып, мөөрлөр басылып, колдор коюлуп уюштуруу тобу тарабынан тапшырылды.
Негизи бул оюн 2022-жылдын декабрь айында өткөрүлмөк, бирок карантинге байланыштуу болбой калган. Кудайдын буйругу менен оюн жаз айларына туш келип, оюнду ийгиликтүү өткөрүп алдык.»
Оюндун жыйынтыгында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби биринчи орун, Сапарбек Мырзакматов орто мектеби, ал эми үчүнү орунду Түркмөн орто мектебинин мугалимдери багындырды.
Биринчи орунду багындыруучулар сыйлыктары менен.
Кыздар командасы арасында Конушбаев орто мектеби биринчи орун, Түркмөн орто мектеби үчүнчү орунду Мырзакматов орто мектеби алды. Ал эми балдар арасында биринчи орун-Түркмөн орто мектеби, үчүнчү орун-Конушбаев орто мектеби, үчүнчү орунду Мырзакматов орто мектеби алып, атайын медалдар жана грамоталар тапшырылды.
Бегимай Шамирдинова