Суусамыр өрөөнүндө алгачкы жолу «Эл аралык эр таймаш» турнири болуп өттү. Арзыгул уулу Токтосун атанын жаркын элесине арналган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн жаш мушкерлери катышты, кеченин башкы беттешин Токтосунов Эржан-Кыргызстан, Жоожалиев Улукбек-Өзбекстан түздү.
Кармаш-уруш тууралуу мелдештин уюштуруучусу Токтобек Арзыгулов айтып берди:
«Бул беттешти өткөрүүнүн максаты биздин айылдан да көп спортчу балдар чыкса деп сырт жактан да мушкерелрди чакырганбыз. Бул жерге келип, өз күчтөрүн сынашты. Жалпысынан 17 уруш болду, ал эми спонсор өзүм болдум, себеби бул мелдешти мен атам Арзыгулдун жаркын элесине арнадым.»
Оюндун жүрүшүндө Казакстан өлкөсүнөн келген машыктыруучу төмөнкүчө баяндап берди:
«Биз Кыргыз бир туугандарды сыйлап, Казакстандагы Кордайдан, Астанадан келдик. Бүгүнкү беттешке 4 бала алып келдик. Бизде жалпысынан 5 мушкер келмек, тилекке каршы бирөөсү жол шартына байланыштуу келе албай калды, ошол себептүү 4 мушкерди алып келдик.»
Эскерте кетсек, мындай эл аралык деңгээлдеги таймаш кармаш-уруш спорттун түрү боюнча өрөөндө алгачкы жолу өткөрүлдү. Токтобек Арзыгулов Суусамырда үй шартында өзүнүн уулун машыктырып, эл аралык таймаштарда байгелүү орундарды алып келет.
Бегимай Шамирдинова