Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинде 2-отурум болуп, башкы маселе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Отурумга 21 депутат катышып, Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жана жер адисинин катышуусунда болду.

Жергиликтүү кеңештин 7 чакырылышынын 2 кезектеги отуруму.
Күн тартибинде каралуучу маселелер, айыл өкмөт башчысын шайлоо, Жергиликтүү кеңештин регламентин бекитүү, Суусамыр айыл аймагында жарандарга жер үлүшүн берүү, ар кандай маселелер болду.
Отурумду жергиликтүү кенештин төрайымы Назгул Тойгонбаева ачты. Жергиликтүү кеңештин регламенти бир добуштан кабыл алынып бекитилди.
Суусамыр айыл аймагындагы тургундарга жер үлүшүн берүү маселеси каралып жер адисине милдеттендирилди. Ар кандай маселелерде таштанды, ооруп жаткан адамдарга каржылык жардам берүү, жарыктандыруу, жер маселелери көтөрүлдү. Ар биринин маселелери талкууланып тиешелүү адистерге милдеттендирилди.
Андан соң Суусамыр айыл аймагынын башчысын шайлоо өттү. Шайлоо Жайыл райондук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.

Жайыл райндук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү
Суусамыр айыл аймагынын башчылыгына бир гана талапкер чыккан. Шайлоо жабык добуш берүү менен өттү. Жергиликтуу кеңештин депутаттарынын 21 добушу менен Суусамыр айыл аймагынын башчысына Максат Сейткулов шайланды. Депутаттар өз куттуктоолорун айтышып ийгилик каалашты. Жаңы шайланган Максат Сейткуловго сөз берилип, өз ыраазычылыгын билдирип, элдин ишеничин актаганга депутаттар менен биргеликте иш алып барарын билдирди.

Жаңы шайланган айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов
Азиза Тамчиева