29-30-июнь күндөрү Суусамыр жеринде дүйнөгө таанымал, улуу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааркесине арналган той өткөрүлөт.
Бул тууралуу Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде тойдун уюштуруу комитетинин мүчөсү Адилет Рыскулбеков айтып берди.
Анын айтымында, той 28-июнда башталат, бирок, бул күнү бир гана көк бөрү оюну ойнотулуп, жарым финалдык оюнга командалар тандалат. 29-июнь күнү Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда тойдун салтанаттуу түрдө ачылышы болот. Той атайын даярдалган концерттиик программа, ар кандай улуттук оюндар, ат-оюндар, сый тамак менен коштолот. 30-июнь күнү финалдык оюндар, сыйлык тапшыруу аземи болуп, той жыйынтыкталат. Мааракеге, мамлекет жана эл өкүлдөрү, 7 облустан ар түрдүү коноктор келишет.
Эскерте кетсек той учурунда соодагерлерге ар кандай алкоголдук ичимдиктерди сатууга Суусамыр айылдык айыл өкмөтү, уюштуруу комитети тарабынан тыюу салынат, деп белгиледи уюштуруу комитетинин мүчөсү Адилет Рыскулбеков.
Маектин кайталоосун бүгүн саат 18:30 да Суусамыр FM радиосунан уга аласыздар.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы