11- классынын бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык тестирлөөдөн 226 балл алды. Дастан Рахманжанов Мыктыбекович, Талас облусунун Козучак айылында туулган. Дастан ЖРТга SECOM билим берүү мекемесинен даярданып, «Алтын күбөлүктүн» ээси болду.
Ал 6-класска чейин Эшимбеков атындагы орто- мектебинде, эки жыл Себат лицейинде жана №69 жогорку мектепте окуган. Дастан АУЦА IT жогорку окуу жайына тапшырам деген ойдо. «Мен ЖРТ берген окуучуларга ийгилик каалайм. Менин айтарым, экзаменге чейин эс алып, болгон ишенимди жоготпоо, упайларды канчалык маанилүү экендигин түшүнүү жана материалды анализдөө»,- деп Дастан өз оюн айтып кетти.