Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Жаш сүрөтчү 2023» сынагы өткөрүлдү. Ал сынакка 6-класстын окуучулары катышты.
Биялогия жана көркөм өнөр мугалими Айлар Дарбишова
Т.Айбашев атындагы орто мектептин биялогия жана көркөм өнөр мугалими Айлар Дарбишова
«Бүгүн жаш сүрөтчү- 2023 сынагы болуп өттү. Бул сынактын өтүп жатканына 6 жыл болду. Балдардын башка сабакка караганда салыштырмалуу көркөм өнөр сабагына кызыгуусу өтө жогору. Бул конкурстун негизги максаты балдарга эстетикалык тарбия берүү, эмгеке үйрөтүү жана жаратылыштагы ар кандай кубулуштарды кагаз бетине чыгармачылык менен түшүрүп жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялайбыз. Бүгүнкү катышкан окуучуларыбыз да өздөрүнүн активдүүлүгүн өтө жакшы көрсөттү, алардын сүрөткө болгон кызыгуусу да өтө чоң ата-энелеринен да өтө жакшы колдоолор болду.
Конкурстун демөөрчүлөрү Т.Айбашев атындагы орто мектебинин математика мугалими Шырман Мусаева жана КУУнун текстиль, дизайнердин бөлүмүнүн студенти, Silkroad Эл Аралык мектебинин кызматкери Сезим Досанова. Окуучуларга кааларым келечеги кең жаштардан болуусун жана бактылуу балалыкты каалап кетем»,- деп билдирди Айлар Дарбишова.
Калыстар тобу
Окуучулар пластилин менен иштеп жаткан учур
Окуучулар пластилин менен иштеп жаткан учур
Окуучулар пластилин менен иштеп жаткан учур
Окуучулар пластилин менен иштеп жаткан учур
Сүрөт көргөзмөсүнөн жеңген окуучулар
Конкурска катышкан окуучулар
Жумагүл Көчкөнбаева