Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө мектептер арасында «Ак калпак» күнүнө карата жүрүш болуп, концерттик программа менен коштолду. Бул иш-чараны Кулатов айылынын айыл башчысы Нуридин Мадимаров уюштурду.
«Ак калпакты» даңазалоо аземи
Ак Калпак көргөзмөсү
Иш-чарага Тилебалды Айбашев жана Камал Надиров мектептери катышышты. Айыл башчы Нуридин Мадимаровдун айтуусу боюнча, бул иш-чаранын максаты балдардын патриоттук сезимдерин ойготуу жана достукка чакыруу:
«2020-жылы ар жылкы өткөрүлгөн иш-чараларга караганда өзгөчөлөнүп, концерттик программаларда «Ак калпагыбызды» даңазалап, ыр-бийлерин көрсөтүштү. Эки мектеп арасында калпак көргөзмөсү жана кантип жасоо жолдорун көрсөтүп беришти. Жүрүш учурунда балдар кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпагыбызды кийишип, кыргыз желегин көтөрүп, жүрүшкө чыгышты. Бул майрам өз деңгээлине жетти деген ойдомун»,- деп, айыл башчы сөзүн жыйынтыктады.
Тилебалды Айбашев орто мектеби
Даярдаган: Галдыбаева Мээрим, Жалалова Таңнуру