Т.Кулатов айыл өкмөтүндө аялдардын эл аралык майрамына карата концерттик кече өткөрүлдү. Улуу муундагы аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар грамоталар менен сыйланышты.

Абшыр-Ата айымдары ырдап жаткан учур

Кулатов айылындагы маданий иш чараларды уюштуруучу Талантбек Эргешов
Кулатов айылындагы маданий иш-чараларды уюштуруучу Талантбек Эргешов:
«Бүгүн Кулатов айыл өкмөтүндө чоң иш чара болуп өттү. 8 айылдагы айымдардын баары катышты. Концерттик программа менен биргеликте ардак грамоталар менен сыйланышты. Айыл өкмөт тарабынан акчалай каражаты каралып, баалуу белектер бүгүнкү майрам жогорку деңгээлде өтүп жатат.»

Окуучулар бийлеп жаткан учур

Айыл тургуну Назик Муратова
Жал айдык номер16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасынын дарыгери Назик Муратова: « Мен Жал айылдык номер16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасында төрөт үйү бөлүмүндө иштеймин. Бүгүнкү иш- чара жогорку деңгээлде өттү. Грамота менен сыйланам деп ойлогон эмесмин. Маанайыбыз сонун.»

Айыл тургуну :
«Мен бүгүнкү иш чарага мынчалык деңгээлде өтөт деп ойлогон эмесмин. Маанайыбыз абдан жакшы. Жалпы аялзатын жаз майрамы менен куттуктайм. Мындай белектерди күткөн эмесмин.»

Абшыр-Ата айымдары жагымдуу маанай тартуулап жаткан учур
Чынара Көчкөнбаева